Европа Биримдиги Ирандын жети компаниясына жана жети аткаминерине санкция салды. Бул чара Орусияны Украинага сокку урууда колдонулган дрондор, ракеталар жана аскердик технологиялар менен камсыздагандыгы үчүн көрүлүүдө. Маалымат Еврокеңештин сайтында жарык көрдү.
Чектөөгө Saha Airlines, Mahan Air жана Iran Air, эки сатып алуучу компания жана суюк отун чыгарган эки фирма кабылды.
Орусиялык армия Николаевге сокку урду
Учурда каза тапкандар жана 16 жарадар тууралуу белгилүү. Облустук аскердик администрациядан билдиришкендей, инфраструктура, ресторан комплекси, соода павильондору, жеке турак жайлар жана автомобилдер кыйраганы айтылууда. Алдын ала маалым болгондой, чабуул үчүн бештен кем эмес С-300 тибиндеги ракета колдонулган.
Сумы облусу 14 жолу аткыланды
Украинанын Сумы облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, жекшембиде Орусиянын армиясы 14 жолу чабуул койду.
21 жардыруу болду. Николаев, Белопольск, Краснопольск, Новослободск, Эсманьск, Шалигинск кыштактары соккуга кабылды.
Бийлик орусиялык күчтөр дрон учуруп, минометтордон аткылаганын, авиабомба таштаганын билдирди.
Орус тарап комментари берген жок.
Украина: Запорожье 177 жолу аткылоого кабылды
Орусиянын армиясы Запорожье облусунун тогуз калктуу пунктуна акыркы суткаларда 177 жолу сокку урганын аймактын башчысы Иван Федоров билдирди.
Анын айтымында, орусиялык күчтөр Темировкага төрт жолу абадан сокку урду. Лобково, Гуляйполе, Новоандреевка, Новоданиловка, Работино, Малая Токмачка, Малиновка жана Левадное кыштактарына 80ден ашык дрон чабуулу болду.