Орусиялык аскерлер Мирноградга жетти
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы орусиялык аскерлердин Покровскидеги аракеттери тууралуу билдирди. Бул украин коргонуу күчтөрүнүн Донецк облусундагы чечүүчү түйүнү. Билдирүүдө Мирноградга (Лисовка, Селидов жана Миролюбовкага дагы) чабуул болгону айтылат.
Мирноград – Покровскинин чыгышындагы спутник-шаар. Украиналык DeepState долбоору орусиялык күчтөр Мирнограддын түштүк тарабындагы үч калктуу конушту - Николаевка, Карасный Яр, Крутой Ярды алганын билдирди.
Херсон облусундагы орусиялык аткылоо
Орусиянын аскер күчтөрү Херсон облусунун жана Херсон шаарынын 21 калктуу конушун аткылады.
Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин төрт адам жараат алганын билдирди. Сокку медициналык мекемелерге, административдик имаратка, уюлдук мунарага, калктуу кварталдар талкаланды.
Ал арада Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков жума күнкү дрондор менен жасалган чабуулда бир тургун мерт болуп, дагы 11 киши жараат алганын билдирди.
Ал кийинчерээк Телеграм-каналына Устинка айылы да бутага алынганын, үч адам жарадар болгонун жазды. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев дрон чабуулунда жер тамдар жабыркаганын, жараат албагандар болбогонун кабарлады.
Украинанын аскерлери орусиялык күчтөр басып алган Луганск облусундагы Ровеньки шаарындагы күйүүчү-майлоочу материал сакталган кампага сокку урганын билдиришти.
"Бул базада орусиялык армиянын керектөөсү үчүн мунай жана мунай өнүмдөрү сакталып турган. Учурда объект күйүп жатат. Соккунун жыйынтыгы такталууда", - деп билдирди Украинанын Башкы штабынан.
"ЛЭРдин" ӨКМи өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Ровенькидеги бул базага май айында да чабуул жасалган. Анда төрт адам өлгөн.
Украина Одесса аймагында соңку эки күндө Орусиянын чабуулдарынан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат.
Одесса районунда Орусиянын баллистикалык чабуулунун натыйжасында төрт киши каза болду
Орус аскерлери Украинанын Одесса облусуна баллистикалык ракеталар менен чабуул жасап, төрт киши, анын ичинде өспүрүм каза болгонун 11-октябрь күнү эртең менен облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.
"Чабуулдун натыйжасында Одесса районунда жарандар жашаган жана иштеген эки кабаттуу имарат кыйраган. Урандылардын астында адамдар калган. Куткаруучулар төрт адамды куткарышты, дагы үч адам тилекке каршы имараттын урандыларынын астында каза болду. Каза болгондордун арасында 43 жаштагы аял, 22 жаштагы жигит жана 16 жаштагы кыз бар. Дагы бир аял алган жаракаттардан улам ооруканада каза болду", - деп жазды чиновник телеграммада.
Расмий маалыматтар боюнча, 10 адам жаракат алган, тогуз жабыркаган ооруканага жаткырылган, төрт адамдын абалы оор. Он адамга жеринде психологиялык жардам көрсөтүлгөн.
Орусия күчтөрү ар кандай куралдар - согуштук учкучсуз учуучу аппараттар, ракеталар, авиабомбалар, көп огу бар реактивдүү системалар менен украин аймактарына, анын ичинде Одесса облусуна үзгүлтүксүз чабуул жасап жатат.
Орусиянын жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайылап соккулар жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратып жатканын танып келет.
Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары катары квалификациялап, алардын атайын мүнөздө экенин баса белгилешет.
БУУнун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 24-февралынан 2024-жылдын август айына чейин Орусиянын агрессиясынын натыйжасында Украинада 11 743 жарандык адам (алардын ичинде 613 бала) каза болуп, 24 614 адам жаракат алган. Ошол эле учурда БУУда жарандык калктын арасындагы курмандыктар жөнүндө айрым кабарлар али тастыкталбагандыктан, чыныгы сандар жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет.