Украинада Орусиянын ракета жана дрон соккуларынан дагы бир нече киши каза болгонун, айрымдары жараат алганын 10-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Одесса облусунда, аймактын администрация башчысы Олег Кипердин айтымында, 9-октябрдын кечинде порттордун бирине урулган ракеталык соккудан жараат алган дагы бир кишинин өмүрү үзүлдү, ал ошол жерде иштеген 46 жаштагы кызматкер болчу. Ага чейин бул чабуулдан каза тапкандар алты, жарадар болгондор 11 киши, алардын жетөөнүн абалы оор деп айтылып жаткан. Баары тең украин жарандары.
Премьер-министр Алексей Кулеба бул жолу Панама өлкөсүнүн туусу менен каттаган контейнер ташуучу «Shui Spirit» кемеси жабыркаганын, ушуну менен соңку төрт күндө Орусия Украинанын Кара деңиздеги порттору аркылуу жүк ташыган чет өлкөлүк кемелердин үчүнчүсүн бутага алганын, орус аскерлери өлкөнүн порт инфраструктурасын талкалоого аракет кылып жатканын айтты.
Запорожье аймагында 10-октябрда эртең менен калктуу пункттардын бирине сокку урулуп, 29 үй кыйраганын, төрт киши жараат алганын облус башчысы Иван Федоров маалымдады.
Ал эми Днепропетров облусунда Орусиянын согуштук дрону Кривой Рог шаарындагы беш кабат үйлөрдүн бирине тийди. Бул тууралуу облустук администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Анын айтымында 82 жаштагы аял жараат алды. Соккудан үйдүн чатыры талкаланып, газ түтүгү жарылган жерде өрт чыккан.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан.
Украин армиясы Майкоптун алдындагы аскердик аэродромго сокку урду
Жергиликтүү Телеграм-каналдар райондун аймагындагы ири өрттүн сүрөттөрүн жана фотолорун чыгарышууда. Адыгейдин башчысы Мурат Кумпилов аэродромго жакын Родниковое кыштагындагы эвакуация тууралуу кабарлады.
Украинанын дезинформацияга каршы борбору күйүүчү май сакталган кампа талкаланганын билдирди.
Хан аскердик аэродромунда Краснодар жогорку аскердик окуу жайынын 272-авиациялык окуу базасы жайгашкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө 92 украин дронун тутканын билдирди, анын 47и Краснодар крайынын жана 15 Азов деңизинин акваториясынын үстүнөн атылган.
Украина: Одессада ракеталык аткылоодон жараат алгандар 11ге жетти
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер бейшембиге караган түндөгү соккуда жараат алгандардын жетөө оор абалда экенин Телеграмга жазды.
Вице-премьер Алексей Кулеба соккуда Панаманын желеги алдында бараткан жарандык кемеге зыян келтирилгенин, бул акыркы төрт күндө орусиялык күчтөрдүн аткылоосуна кабылган үчүнчү чет элдик кеме экенин билдирди.
Европа биримдигинин элчилери Орусиянын Борбордук банкынын камактагы активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен Украинага 35 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүүнү макулдашты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Европа иштери боюнча редактору Рикард Йозвяк X социалдык тармагына жазды.
"Каржылык жардам Орусиянын агрессиясынын күчөшүнөн улам Украинанын чукул каржылык муктаждыктарын дароо канааттандырууга багытталган", - деп айтылат Евробиримдиктин кеңешинин билдирүүсүндө.
Йозвяктын айтымында, орусиялык активдерге каршы санкцияларды узартуу маселеси Венгриянын каршылыгынан улам чечиле элек.
Буга чейин Венгриянын финансы министри Михай Варга Будапешт Евробиримдиктин Орусиянын камактагы активдерине каршы санкцияларын өзгөртүүнү колдобой турганын, бул Украинага насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген. Анын айтымында, Будапешт буга байланыштуу чечимди 2024-жылдын 5-ноябрында өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого чейин күтүүнү туура көрөт.
Украинага орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен 35 миллиард евро насыя бөлүнөрүн Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен 20-сентябрда билдирген.
Насыя үчүн каражат Европада камакка алынган орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен алынат. Украина насыяны кырк жыл ичинде кайтарып бериши керек.
Евробиримдиктин башчысы менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйынында Урсула фон дер Ляйен ири суммадагы насыянын берилиши “Чоң жетинин” (G7) Украинаны колдоо милдеттеринин кезектеги кадамы экенин айткан.
“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери июль айында Вильнюстагы НАТОнун саммитинде аскердик жардам, согуш жүрүп жатканда жана бүткөндөн кийинки калыбына келтирүүгө жардам берерин билдиришкен.
Камактагы орусиялык активдердин көп бөлүгү (228 миллиард доллар) - Европада, 10 миллиард доллар Кошмо Штаттарда, 30 миллиард доллар Жапонияда, 10 миллиард доллар Британияда.