Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Согушкерлерге паспорт жасаган онлайн-бизнес


Бахтиер Умаров деген өзбек мигрантынын атына жазылган бул жасалма паспорт менен терроризмге шектүү Грекияда кармалган.
Бахтиер Умаров деген өзбек мигрантынын атына жазылган бул жасалма паспорт менен терроризмге шектүү Грекияда кармалган.

Жасалма паспорттордун жардамы менен террордук топтун өкүлдөрү жер которуп турган көмүскө схема ачыкка чыкты.

Британиялык The Guardian басылмасынын иликтөөсүндө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тиешелүү кишилерди расмий виза чапталган жасалма паспорттор менен Сириядан Европага, АКШга жана Канадага жиберген көмүскө онлайн-бизнес айкын болду. Иликтөөнүн жыйынтыгы 31-январда жарыяланды.

The Guardian басылмасы жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө жасалма паспортторду даярдап, сата турган жашыруун түйүндөрдүн бирин Түркиядагы өзбек тектүү киши башкара турганы аныкталды. Ал ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку сапаттагы жасалма паспортторун жасап, чоң акчага - 15 миң АКШ долларына чейин сатып жүргөнү белгиленди.

Басылманын иликтөөчү журналисттери Сирия менен Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, шектүү кишилер жасалма паспорттордун жардамы менен Стамбул аэропорту аркылуу чет өлкөлөргө чыгып кеткен, кеминде он учурду аныктай алды.

Журналисттер менен жазышкан жасалма паспорт сатуучунун айтымында, кардарлардын арасында Европага барууну каалагандар көп. Орусиянын жасалма паспортун сатып алган эки адам Стамбулдан Мексикага жетип, ал жактан АКШга мыйзамсыз киргенге жетишкен.

The Guardian басылмасы түркиялык этникалык өзбектин иши жакшы жүрүшүп, ал жакында Istanbul Global Consulting деген жаңы "Телеграм-каналын" ачканын жазды.

"Ким кайсы топтон экенин сурабайм. Ким менен болсо да, иштешүүгө даярмын. Ким жаман, ким жакшы экенине баа берүү менин ишим эмес. Аны менен атайын кызматтар алектенсин", - деп жазган ал өзбек өзүн кызыкдар кардар катары тааныштырган The Guardian гезитинин журналисти менен чаттагы баарлашуусунда.

Террорчуларды тейлеген паспорттор

Басылма дүйнө жүзүндө өсүп жаткан сооданын бул түрү коркунучтуу экстремисттердин жасаган кылмыштары үчүн сот жообунан качып, кутулуп, ошол эле кезде башка өлкөлөрдө террордук аракеттердин улануусуна өбөлгө түзүп жатканын жазды. Украинанын Коопсуздук кызматы үч жыл мурун Киев облусунун аймагынан жасалма паспорт менен жүргөн террорчу топтун жогорку даражалуу адамын колго түшүргөн.

"Бул террорчу 2018-жылы Украинанын аймагына жасалма паспорт менен кирген. Ал жасалма документтерди пайдаланып, Украинанын аймагында өзүн легалдаштырууга жетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, террорчу "Ислам мамлекети" тобунун атайын бөлүмдөрүнүн ишмердигин координациялоону уланткан. Башкача айтканда, Украинада туруп, башка чет өлкөлөрдөгү амирлерине чалып турган. Укук коргоо органдары кылмышкерди Киев облусундагы ал убактылуу жашаган жеке менчик үйдүн жанынан кармашты", - дейт Украинанын Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Елена Гитлянская.

Качкындардын атын жамынгандар

Батыштын чалгын кызматтары 2015-жылы “Ислам мамлекети” тобунун колунда Сирия менен Ирактын жасалма паспортторун даярдай турган атайын жабдуулар жана бош бланктар бар экенин эскерткен. Кийин террорчул топтун мүчөлөрү жасалма паспорттордун жардамы менен сириялык жана ирактык качкындардын атын жамынып, дүйнө жүзү боюнча жер которуп турган.

Бул террорчул топ 2015-жылы ноябрда Париждеги "Батаклан" театрына кол салуу жана 2017-жылы Манчестер аренасындагы жардыруу сыяктуу бир катар террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти моюнга алган.

Паспорт жасаган өзбек киши басылманын журналистине чыныгы суу белгилери, голограммалары бар Франциянын, Белгиянын, Болгариянын жана Орусиянын жаңы паспортторунун бир нече үлгүсү тартылган видеолорду жөнөткөн.

Жасалма паспорт сатуучулардын айтымында, иштеген биометрикасы бар чипти жасалмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бирок көптөгөн чек ара өткөрмө бекеттериндеги текшерүүчүлөр иштебеген чиптерге көңүл бурбай эле, паспорт ээлерин өткөрүп жиберген учурлар бар.

Жасалма паспорт анын ээсинин өлкөсүндө басып чыгарылат. Андан кийин кардар аны күтүп жаткан өлкөгө жеткирилет. Максаты - документтин мыйзамдуулугун бекемдөөгө жардам берген расмий мөөр алуу.

"Паспорттун өзү анчалык кымбат эмес. Мөөрлөрү баалуу. Акчанын көбү штамп алуу үчүн парага кетет", - дейт жасалма паспортторду саткан орусиялык жаран.

Артыкчылыгына жараша баасы

Кардардын улутуна, сүйлөгөн тилине, кайда баргысы келгенине жана канча акча корото аларына жараша жасалма паспорттордун бир нече түрү сунушталат.

Европага же АКШга кирүү үчүн эң арзан документтер орус, кыргыз жана казак паспорттору болуп, алардын ар биринин баасы беш миң долларга чейин. Ага Шенген визасын кошкондо, бир кишиге жазылган жасалма паспорттун наркы 6000 долларга чыгат.

Европага визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берген Украина жана Молдаванын паспорттору Жакынкы Чыгыштан чыккандар арасында популярдуу. Баасы дагы бир аз кымбат.

Эң кымбат варианты – Евробиримдикке кирген мамлекеттердин паспорттору. Алардын ар биринин баасы 8 миң долларга барабар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG