Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Бийлик куту жана билгилик


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Соңку кездерде Жогорку Кеӊештин депутаттары жогорку билимдүү болушу керек деген жобонун тегерегинде талаш өтө курчуп, саясий мүнөзгө ээ боло баштады. Тирешкендердин жүйөсү да, мүдөөсү да ар башка: бири каршылашын диплому жок деген шылтоо менен мандатсыз калтырууга умтулса, дагы бири ар бир ишти колунан келген адис аркаласын дейт. Бийлик менен билимдин өз ара байланышы жөнүндө чогуу ой жүгүртөлү.

Иш билгиби же дипломдуубу?

Эптеп диплом алып коёюн, азыр болбосо, кийинчерээк оӊтою келгенде кызматка тура калганга кереги тийиши мүмкүн дегендер 90-жылдардан тартып көбөйгөн, азыр деле азайган жок окшойт. Айрыкча сырттан, контракт негизинде “окугандардын” басымдуу бөлүгү өз адистиги боюнча дээрлик эчтеке билбей калгандыгы таӊ калыштуу эмес.

Күндүзгү бөлүмгө киргендердин да кыйласы илгерки сырттан окугандар билгендин ондон бирин билбейт. Демек, алар деле кагаз жүзүндө гана тизмеге катталып, зачёттук китепчесине, ведомостторго баалары коюла берген окшойт. Формалдуу түрдө баары так таризделген болсо, мындай “бүтүрүүчүлөргө” кине коюп, дипломунун жалгандыгын далилдеш кыйын.

Бирок такыр мүмкүн эмес дешке болбойт. Чындап текшергибиз келсе, негизги предметтер боюнча билимин баалагыдай тесттен өткөрүп, экзамен тапшыртуу керек. Атайын комиссия дайындап сынак уюштурбаса деле “адистин” сабатсыздыгы кылган иши менен сүйлөгөн кебинен билинип калат.

Догдур кеселге туура эмес диагноз койсо, мугалим сабагын жакшы окута албаса, журналист текстти чаржайыт түзүп, катаны көп кетирсе, каршылаш жааттардын пикирин жарыш чагылдырып, маалыматты калыс бербесе, окуу жайда жакшы окубаганын далилдейт.

Эгер судья мыйзамга каршы келген чечим чыгарса, өзүнүн наадандыгын же адилетсиздигин (же болбосо “өйдө жакка”, капчыгы калыӊ, билеги жоон немелерге ж.б. толугу менен көз каранды экенин) айгинелейт.

Жооптуу кызматка турган же саясатка аралашкан киши Конституциянын эӊ түйүндүү жоболорун, мамлекеттик түзүмдүн өзөктүү түшүнүктөрүн туура эмес же бурмалап айтса, мыйзамдарды бузса, өзүнүн деӊгээли канчалык төмөн экенин көрсөтөт.

Бир жыйындын акылы

Орустун “ума палата” деген баалама сөзү бар, жалгыз өзү бүтүндөй бир жыйындагы билермандардын дареметин кошкондогудай акылдуу дегенди билдирет. Илгертен Европа өлкөлөрүндө мамлекет башчысына акыл айтып, улуттук (бүткүл өлкөлүк) маанидеги маселелерди талкуулоо үчүн тандалган эӊ билимдүү, турмуштук тажрыйбасы бай, кадыр-баркы бийик кишилердин дайыма чакырылып турган жыйыны “палата” деп аталчу экен. Кийинчерээк бул термин бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын аталышы болуп калган.

Он чакты түзүгүн эсептебегенде, Жогорку Кеӊештин алтынчы чакырылышына, негизинен атайылагандай билими тайкы, уят-сыйыттан куру калгандай, намысы жок кишилер “тандалган” эле. Буга элдин саясий сабатсыздыгы менен аткаруу бийлигинин жоопкерсиздиги себепчи болгон. Жетинчи чакырылыш канчалык экенин көрүп жатабыз...

Уңгу сөздөн бир сабак

Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанында үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо, соода жүргүзүү, коомдогу түркүн катмарларга, ар кайсы кесиптеги адамдар менен мамиле кылуу ж.б. жөнүндө сөз болот. Мунун баары бийлик жүргүзүүчүлөргө, биринчи кезекте өкүмдарларга эӊ зарыл кеӊеш катары жазылган. Ошол себептүү энциклопедиялык мүнөздөгү бул китептин аталышын полиглот (көп тил билген) жазуучу Турусбек Мадылбай “Кут аттуу бийлик” деп которуптур. Албетте, бул талаштуу пикир. Бирок кыргыз тилинде “бийлик” жана “билим” сөздөрүнүн мааниси жакын экени чын.

Санжырада, элдик оозеки чыгармачылыкта “бийле” жана “бил” этиштери “башкар, теске”, “маселе чеч” маанисиндеги синонимдер катары колдонулган учурлар көп кездешет. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миӊди жыгат” деген макал да эл башкарган адам үчүн билим канчалык зарыл экенин көрсөтүп турат.

Сабатсыздыктан кантип арылабыз?

Ырас, диплом албаса да көп окуп, изденип, билимин тереӊдеткен, өз кесибин иш жүзүндө мыкты өздөштүргөн адистер сейрек болсо да кездешет. Алардын реалдуу камылгасын атайын комиссия текшерип, кесиптик билими жөнүндө документ ыйгарат деген жобону кылдат иштеп чыгып, атайын ченемдик-укуктук актыларга киргизсе болот.

Ал эми негизги көпчүлүк белгиленген тартипте сабактарга толук катышып, кесиптик билим деӊгээли тийиштүү минимумдан төмөн эмес экенин тастыктаган диплом алганы эле жакшы. Дипломдун аныктыгы, анын кыстырмасындагы негизги предметтер боюнча коюлган баалардын тууралыгы үчүн окутуучулардын, экзамендик комиссия курамына киргендердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Союз мезгилинде бир катар багыттар боюнча адистердин кесиптик камылгасын маал-маалы менен текшерип, аттестациядан өткөрүп турушчу. Мисалы, мугалимдер билимин өркүндөтүп, окутуу усулун жакшыртууга жетишкенде, аларга квалификациялык категория ыйгарылчу да, эмгек акысы тийиштүү түрдө жогорулачу. Эгемендик жылдары да сакталган бул система соӊку он-он беш жылда өтө формалдашып кеткендиктен, жоюп салынды эле, кийин кайра колго алына баштады.

Эркин эмгек базарынын шартында бардык эле адистиктер боюнча талапкерлердин дипломун эле эмес, биринчи кезекте реалдуу билим деӊгээлин – иштиктүү (функционалдык) сабатын жумуш берүүчүлөр өздөрү баалап, эӊ татыктууларын кабыл алышы керек. Ийгиликке жетип жаткан жеке менчик компаниялар ушул жобону дайыма бекем сактайт.

Мамлекеттик кызматтарга да чыныгы татыктуулар тандалса, ар бир кызматкердин туугандык, партиялык ж.б. “жакындыгы” эмес, иш билгилиги, тазалыгы эске алынса, бүгүнкүдөй осол “иштерге” жол берилбейт эле. Оркойгон кемчиликтер менен мыйзам бузууларды айткан журналисттерди элге террорчудай жаман көрсөтүүгө далбас уруунун да кажети болмок эмес.

Эл алдына көп чыгуучу кишилердин (жетекчилер менен депутаттардын) деӊгээли канчалык экени дипломун текшербесе деле көрүнүп турат. Диплому анык, тажрыйбасы жетиштүү адистер өмүр бою билимин өркүндөтө жүрүшү зарыл. Ар кандай себептерден улам жогорку кызматтарга күтүүсүз барып калгандар болсо учурдагы ордуна татыктуу эместигин, жооптуу ишти аркалай албастыгын моюндап, өз ыктыяры менен кетиши керек. Алардын кесепеттүү каталары үчүн дайындагандар да жоопко тартылышы керек.

Бийликтегилер сындагандарды тыюуга, куугунтуктоого күчүн, убактысын, каражатын коротпошу кажет. Жөнү жок асылгандар болсо, алар менен акыйнек айтышпай, андан көрө чындыкты иш менен, иштин көзгө көрүнөрлүк натыйжасы менен далилдеп турса, ызы-чуу өзүнөн-өзү эле басаӊдап, акыры тынчыйт. Ким болсо да, калпычылыгы билинип калса, анын сөзүн эл укпай, өзүн сыйлабай калат.

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG