Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

18:23 25.1.2022

25-январда саат 12ге жакын бүткүл Кыргызстан боюнча электр жарыгы өчтү. Буга Борбор Азиядагы энергетикалык шакекченин ишинин үзгүлтүккө учурашы себеп болгону айтылды. Өлкөнүн көпчүлүк аймактары дээрлик төрт сааттан ашык жарыксыз отурду. Мунун айынан коомдук транспорттун иши аксап, жол кырсыктары катталды.

Энергетика министрлигинин басма сөз өкүлү Жийде Зоотбекова авария болгондон кийин электр жарыгы жарым сааттын аралыгында берилерин билдирген. Бирок көп өтпөй эле аталган министрлик электр жарыгын калыбына келтирүү бир канча саатка созуларын кабарлады.

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандагы энергокомпаниялар Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесин пайдаланбай, электр кубатын берүүнү баскыч-баскычы менен калыбына келтиргени айтылды.

“Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз”, - деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Саат 16:00гө карата жарык берүү 60% калыбына келип, калган аймактарга электр энергиясы этап-этап менен бериле баштаганы маалымдалды.

Түштөн кийин өкмөт кырдаалга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда энергетика министри Доскул Бекмурзаев Борбор Азия энергетикалык шакекчесинде авария болуп, жапырт жарык өчкөн учур биринчи жолу катталып жатканын айтты.

Ал Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтей турганын билдирди. Анын айтымында, үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан - ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт.

Электр жарыгы коңшу Өзбекстанда, Казакстандын Алматы, Чымкент, Талды-Коргон, Тараз шаарларынын бир катар райондорунда өчкөнү маалым болду.

Казакстандын KEGOC - электр тармактарын башкаруу компаниясы 25-январда саат 11:59да "Борбор Азиянын энергосистемасында авариялык дисбаланс катталып, «Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан» транзиттик электр энергиясына 500 киловаттык кубаттагы күч келгенин" билдирди.

"Натыйжада «Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан» транзитинде авария болуп Түштүк Казакстандын керектөөчүлөрүнүн көбүнүн жарыгы өчкөн. Чектөөнүн көлөмү 1500 мегаватты түзөт", - деп жазылган KEGOC сайтында.

Электр жарыгы өчкөнгө байланыштуу Казакстандын түштүгүндөгү ири шаарларда жол чырактар иштебей калган. Алматынын айрым райондорунун жашоочулары 10-15 мүнөттөн кийин электр энергиясын берүү калыбына келгенин айтышкан. Айрым райондордо электр энергиясын берүү такыр токтогон эмес.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги мүчүлүштүк казак электр системасында болгонун билдирсе, казак тарап авария Кыргызстан менен Өзбекстандын айынан болгонун айтууда.

Бирок ага чейин брифинг учурунда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун белгилеген.

"Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп берет. Азыр Энергетика министрлигинин деңгээлинде кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Тактап туруп бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз", - деди Жапаров.

Эксперттердин айтымында, Борбор Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын эскилиги жеткен. Элекстростанциялардын дээрлик баардыгы Советтер Союзунун маалында курулган.

Былтыр жай айындагы кургакчылык маалында Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан оор энергетикалык кризистин алдында турганы айтылган. Анын алгачкы белгилери азыртан байкалып, электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип, аны керектөөгө чектөөлөр коюлганын бул чөлкөмдөгү энергетика тармактары түз же кыйыр ырастап жатат.

Энергетикалык каатчылык жана климаттын өзгөрүүсү өкмөттөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууну талап кылууда. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам ири дарыялардагы суунун тартылып баратышы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин курчутту.

Адистер салттуу эмес энергетиканы өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу багыттарынын бири катары микро жана кичи ГЭСтер аркылуу чакан агымдардын энергиясын колдонууну эсептешет. Бул бир жагынан мындай агымдардын олуттуу потенциалы менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан аймактагы ири дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалынын түгөнүп баратышы менен негизделет.

Үч айылды электр энергия менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жаткан сузактык ишкер тууралуу видеону бул жерден көрө аласыз.

Сузактык жеке ишкер чакан ГЭС курууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

17:37 25.1.2022

Борбор Азия энергетикалык шакекчесинде авария болуп, жапырт жарык өчкөн учур биринчи жолу катталып жатат. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал авариянын себеби азырынча белгисиз экенин, аны адистер текшерип, анализдеп чыккан соң айтыларын кошумчалады.

Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан - ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт.

Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты.

"Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп берет. Азыр Энергетика министрлигинин деңгээлинде кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Тактап туруп бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы ушу тапта үч өлкө тең бирдиктүү шакекчеден чыгып, ички мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатканын кошумчалады.

17:29 25.1.2022

25-январда түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар аймактарында жарык өчкөн.

Ташкентте метро иштебей, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган. Жалпы Өзбекстан боюнча баардык аэропорттордун иши токтоп калган.

Казакстандын Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустарында жарык өчтү.

17:11 25.1.2022

Энергетика министрлиги жалпы республика боюнча жарык берилгенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG