Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Украина: экс-президенттин мал-мүлкү камакка алынды


Петро Порошенко. Украинанын бешинчи президенти. Жогорку Раданын депутаты.
Петро Порошенко. Украинанын бешинчи президенти. Жогорку Раданын депутаты.

Украинада сот экс-президент Петро Порошенкого таандык делген бардык мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды.

Мурдагы президент, Жогорку Раданын “Европалык тилектештик” блогунун башчысы Петро Порошенко мамлекетке чыккынчылык сыяктуу оор кылмыштарга айыпталып, иш козголгон. Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кетип, бирок мекенине кайрылып келерин билдирген болчу.

Мыйзам бузуу менен коштолгон мүлктөрдү камоо

Киев шаарындагы Печерск райондук соту 6-январь күнү Украинанын экс-президенти Петро Порошенкого мамлекетке чыккынчылык боюнча козголгон иштин алкагында анын бардык мал-мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу айткан саясатчынын адвокаты Игорь Голован экс-президентке айып тагууда мыйзам бузулганын белгиледи.

Ошондуктан адвокат Голован чечим боюнча жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди:

"Прокурор сотко чейин эле бардыгын чечип алып, ал эми сот анын чечимин эле кайталап койду. Ошондуктан биз Петро Порошенконун иши президенттин кеңсесинен түшкөн көрсөтмө экенин билдик. Муну биз өтө эле аша чабуу деп кабыл алабыз. Аны азыр ачык эле көрдүк. Бир жагынан, алар Порошенкону болушунча ачуулантууга аракет кылышса, экинчиден, аябай бактылуу болуп жатканын байкадык. Анткени алар Петро Порошенконун мүлктөрүнүн бардыгын камоого алышты", -деди адвокат.

Порошенконун командасындагы булактар билдиргендей, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрика сыяктуу юридикалык жактар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, анын ичинде Козиндеги үйү, банк эсептери жана акциялары камакка алынган.

Жогорку Раданын депутаты, "Европа тилектештик" партиясынын лидери, экс-президент Петро Порошенко 17-январда Украинага кайтып келип, башкы прокурорго жолугуп, сотко баруу планы бар экенин өзү ырастаганын бейшемби күнү “РБК Украина” басылмасы жазды.

Мурдагы президентке мамлекетке чыккынчылык жасаган жана терроризмге көмөктөшкөн деген айып тагылууда. Былтыр 17-декабрда Украинадан Польшага чыгып кеткен экс-президент Петро Порошенко кайтып келүүгө убада берип, айыптоону саясий куугунтук деген:

УКРАИНА - Петро Порошенко, Украинанын бешинчи президенти жана "Европа тилектештиги" партиясынын лидери.
УКРАИНА - Петро Порошенко, Украинанын бешинчи президенти жана "Европа тилектештиги" партиясынын лидери.

"Мамлекет башчысын мамлекетке чыккынчылыкка айыптоо, терроризмди каржылап, террордук уюмдарга көмөктөшкөн дегени кызыл чектен өтүп кеткен аша чабуу. Бул тамаша эмес. Тамашалар бүткөн. Бул үчүн жооп беришет. Бирок кийинчерээк. Анткени азыр кимдир бирөө акылдуураак болушу керек. Биз биримдикте болушубуз абзел. Украинаны сактап, Орусиянын агрессиясынын мизин кайтаруу зарыл. Жеңишке бирге! Кайрадан, Украинада көрүшкөнчө", - деди экс-президент Петро Порошенко.

"Көңүлдү алган - көмүр соодасы". Жикчилдер менен алды-саттынын таржымалы

Тергөө Петро Порошенкого бир канча таасирдүү адамдар менен сүйлөшүп алып, Чыгыш Украинада өздөрүн “элдик республика” деп атап алган жикчил топтор көзөмөлдөгөн Донбасстан көмүр сатып алууга уруксат берген деген айып таккан.

Жикчил топтор террордук уюм деп таанылгандыктан алар менен алды-саттыга барууга терроризмге көмөктөшүү деп көрсөтүлгөн тергөөнүн корутундусунда.

Бул жагдай тергөөнүн версиясы боюнча Украинанын энергетика тармагынын Орусияга көз каранды болушуна шарт түзөрү белгиленди. Киев менен Батыш өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер 2014-2015-жылдары Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна шек келтирген деп айыптап келет.

Ушул эле иш боюнча мурдагы энергетика министри Владимир Демчишин менен Жогорку Раданын дагы бир депутаты Виктор Медведчукка дагы айып тагылып, соттолууда.

Өткөн декабрда экс-президент Петро Порошенко ага чакыруу кагазын берген тергөөчүлөрдү тоготпой койгону кабарланган. Андан көп өтпөй эле саясатчы Украинадан чыгып кеткени белгилүү болгон. Бирок кийин Киевге 17-январда кайтып келерин билдирди.

XS
SM
MD
LG