Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Мусулман мамлекеттери Ооганстанга жардам берет


Исламабадда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү чогулду. 20-декабрь, 2021-жыл. Пакистан.
Исламабадда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү чогулду. 20-декабрь, 2021-жыл. Пакистан.

Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн атайын фонд түзүүнү макулдашты. Пакистанда 19-декабрда өткөн жыйында 57 мамлекеттин өкүлдөрү бир добуштан резолюция кабыл алышты.

Мугалимден бут кийим тазалоочуга айланган Хадия

Талибдер бийликке келгиче 43 жаштагы Хадия мектепте мугалим болуп иштечү. Учурда ал көчө боюнда ары-бери өткөндөрдүн бут кийимин тазалап акча табууга аргасыз.

"Балдарымдын ачка экенине чыдабай, көчөгө чыктым. Үйгө оозубузга алганга наар жок", -дейт Хадия.

Улуттар Уюму Ооганстанда бийлик алмашуусуна байланыштуу экономикалык себептерден, ага пандемия менен быйылкы кургакчылык кошулуп эмдиги жылдын ортосунда калктын 90% же 39 миллион адам ачарчылыкка кептелерин жоромолдогон. Талибдер бийликти алгандан бери миңдеген жумушчулар бир нече айлап маяна ала элек.

Мындан улам Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер 19-декабрда Пакистанда кезексиз жыйынга чогулуп Оогастанга жардам берүүнүн жолдорун талкуулашты. Жыйынды ачып жатып Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан талиберди 40 миллион ооган элинен бөлүп кароого чакырды:

"Биз, тактап айтканда, мен Кошмо Штаттарга кайрылат элем, алар талибдерди 40 миллион ооган жарандарынан бөлүп карашы керек. Эгер талибдер менен 20 жылдан бери согушуп жатышса дагы бул Ооганстандын, 40 миллион кишинин маселеси эмес. Ошондуктан токтоосуз чараларды кабыл алышыбыз керек. Биз ансыз да кечиктик", - деди Имран Хан.

Ислам кызматташтык уюму атайын фонд түзөт

Жыйынга Ислам кызматташтык уюмуна мүчө 57 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Анын ичинде Кыргызстандан да делегация бар. Садыр Жапаровдун кайрылуусун жыйында президенттин Ооганстан боюнча атайын элчиси Авазбек Атаханов окуду. Конференциянын жыйынтыгында делегаттар атайын фонд түзүүнү макулдашты.

Фонд Ислам өнүгүү банкынын алдында негизделмей болду. Исламабаддагы бир күндүк жолугушууга АКШ, Кытай, Орусия, Евробиримдик жана Улуттар Уюмунун өкүлдөрү да катышты. Талибдердин өкмөтүнөн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакки барды.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Ислам кызматташтык уюмунун резолюциясын колдоорун билдирди.

Эл аралык коомчулук Ооганстандын азыркы бийлигин тааный элек. Бир катар мамлекеттер талибдерди инклюзивдүү өкмөт түзүүгө жана оогандыктардын укуктарын сактоого чакырып жатышат. Буга чейин АКШ баштаган бир нече мамлекет Ооганстанга бере турган жардамдарын токтотуп коюшкан. Ошондой эле Ооганстандын борбордук банкынын чет жактагы резервдеринин баары камакка алынган.

Ислам кызматташтык уюмунун мүчөлөрү өз резолюциясында талибдерди "адам укуктарын сактоого" чакырышты.

Кыргызстан "Талибандын" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийлигин тааный элек. Бирок буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирген.

XS
SM
MD
LG