Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Түндүк-түштүк автожолунун кезектеги бөлүгү ишке берилди


"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.
"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.

Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштыруучу жаңы автожолдун кезектеги бөлүгү курулуп бүттү. Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырымы аяктады. Анын ачылыш аземине 10-ноябрда Министрлер кабинетинин жетекчилиги жана Кытай элчиси Ду Дэвэнь катышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, жумушу эң оор деп эсептелген бул тилкеге эстакадалык эки көпүрө курулду. Министрлер кабинетинин сайты төрага жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров Тогуз-Торо районунун эли менен жолугуп, “жаңы жолдорго жана инфраструктуралык имараттарга аяр мамиле жасоо зарыл” деп айтканын жазды. Жаңы жолдун бүткөнү жөнүндө толук маалымат чыга элек.

Буга чейин 28-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев Түндүк-түштүк автожолунун 2-фазасы аягына чыгып калганын билдирген.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, Түндүк-түштүк автожолун куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасын 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда. Экинчи фазасы келерки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдары аяктайт.

2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя, анын 560 миллиону өздөштүрүлгөн.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG