Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Алдамчылыкка шектүү аялды камоону талап кылгандар акцияга чыгышты


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте алдамчылыкка шектелген аялдан жана күч органдарынан жабыркаганын айткан адамдар тобунун нааразылык акциясы өтүп жатат.

Башкы прокуратуранын алдында турушканын айтып, өзүн Бакыт деп тааныштырган адамдын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, акцияга 30 чакты киши катышууда, эртең менен алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында чогулуп турганда мекеме башчысы Камчыбек Ташиев прокуратурага баруу керектигин айткан:

“Камчыбек Кыдыршаевич "Башкы прокуратурага чалдым, ошол жакка киресиңер" деди. Талипова анын карыздарын сурап баргандардын баарын каматып жатат Тергөө боюнча башкармалыктын башчысы менен. Ал “Акчаңды көбөйтүп берем” деп бизден машине сатып алып, бөлөк бирөөлөргө арзан сатып, чабыштырып, азыр жалпы карызы 1 миллион доллар экен. Акчасын сурап барып, ага каршы арыз жазган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп каматып койду”.

Пикетке чыккандар Башкы прокуратура алдында жарым сааттай туруп, “натыйжа болбогондуктан” кайра УКМКга баратышканы белгилүү болду.

Алардын айтымында, Асыл Талипова деген аял менен машине алып-сатып, аралашып калышкан. Кийин карыздарын төлөбөй койгону үчүн ага каршы арыз жазышкан. Бишкектин Октябрь райондук милициясы иш козгоп, Талипованы камакка алган. Бирок кийин иш Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө боюнча башкы башкармалыгына өтүп, Талипова үй камагына чыгарылган.

Акциянын катышуучулары Талиповага карата чара көрүп, камоону жана ишти УКМКга өткөрүп берүүнү талап кылып жатышат.

Талипованын адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Ал алты баланын энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген.

Эртеси күнү аял үй камагына чыгарылган.

Ошол эле күнү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев жана дагы эки кызматкер "Талипованы кыйноого алды" деген шек менен кармалганы кабарланган.

Расмий органдар бүгүнкү акциянын талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG