Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Кытай тажик аскерлерине Бадахшанда аскердик база куруп берет


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ Дүйшөмбүдөгү жолугушуудан кийин. 27-июль, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ Дүйшөмбүдөгү жолугушуудан кийин. 27-июль, 2021-жыл.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 27-октябрда тажик-ооган чек арасына жакын жерге аскердик база курууну жактырды. Курулуш тажик Ички иштер министрлиги менен Кытайдын коопсуздук министрлигинин ортосундагы келишимдин алкагында жүрмөкчү.

Тажик ички иштер мекемесинин жетекчи орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте билдиргендей, база Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Ишкашим районунун Вахан айылына курулат. Маалыматтарга караганда, объектиге тажик күч түзүмдөрү ээлик кылат.

Тажик өкмөтү ошондой эле буга чейин жайгашкан базаны толугу менен Бээжиндин көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү, Кытайдын аскердик жардамы үчүн эч кандай ижара акы албоону сунуш кылды. Бул жөнүндө Кытайдын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн билдирүүдө айтылат. Ал документти “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы көргөн.

Тараптар база бар экенин четке кагып келишкен, анын чоо-жайы, ким ээлик кылары тууралуу да маалыматтар өтө аз.

Washington Post гезити 2019-жылы жергиликтүү жашоочулар менен ал жакта тартылган сүрөттөргө таянып, Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазган. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге ал жакта жүздөгөн кытайлык аскерлер жайгашканын айтып беришкен.

XS
SM
MD
LG