Шайлоо: Кыргызстан өткөндөн сабак алдыбы?
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардан арызды кабыл алуу токтоду. Былтыр шайлоодогу чырдан соң бийлик алмашкан Кыргызстанда бул жолу саясий өнөктүккө даярдык кандай? Бийлик, коомчулук жана саясий күчтөр өткөндөн сабак алдыбы? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкуубузга Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов, депутаттыкка талапкер болууну каалаган саясатчылар Алмамбет Шыкмаматов, Дамира Ниязалиева жана социалог Самар Сыргабаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 11, 2026"75чилер иши": Шаардык сот чечими эмнени билдирет?
-
Август 27, 2026Президент Жапаровдун чакырыгы, шайлоонун шааниси
-
Июль 03, 2026"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?