Бишкектин Ленин райондук соту “Темиров лайв” медиасынын эки журналистин беш жана алты жылга кесип, дагы эки иликтөөчүгө үч жылдан пробациялык жаза берди. Ал эми калган жети журналист акталды. Алар “массалык башаламандык” беренеси боюнча айыпталып, быйыл башында кармалган эле.
25-сентябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Акаев Жогорку Кеңешке кайрылып, ага "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүүнү суранган.
Кыргыз өкмөтү интернетте жана медиада жалган маалымат таратты, жалаа жапты, мазактады делгендерди жазалоону сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Эгерде документ кабыл алынса “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүү кирип, жеке жана юридикалык жактар 200 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн.
Орус парламентине мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Ага чейин ушундай эле өңүттөгү эки документ кабыл алынган. Соңку учурда Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, “Крокус ситидеги” окуядан кийин абал ого бетер курчуганы белгилүү.