Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 93 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени кабарланды.

Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында, Нарын, Талас жана Баткен облустарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 638 адам каза болду. Бир күндө 74 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG