Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Рахмон "Талибанды" Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" кыймылын Ооганстанда бардык саясий жана этностук топтордун катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырды.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына жасаган видеокайрылууда Рахмон Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, "аймактагы коопсуздукка жана туруктуулукка болгон олуттуу коркунуч" деп белгиледи.

Алдын ала жаздырылган видеокайрылууда Рахмон ошондой эле, талибдерди инклюзивдүү өкмөт түзүү боюнча убадаларын аткарбай жатканы үчүн айыптап, "Ооганстандагы этникалык топтордун укуктарынын бузулушу тууралуу үн катпай жатат" деп укук коргоочу топторду сынга алды.

Тажик президенти талибдер Панжшер аймагынын тургундарын "өлтүрүп, аларга тамак-аш жеткирүүгө тоскоолдук жаратып, Интернетти жана электр жарыгын өчүрүп салып жатат" деп айыптады. Дал ошол Панжшерде талибдерге баш ийбей жаткан "Улуттук каршылык көрсөтүү фронту" түзүлгөн.

Рахмон Ооганстанда калктын 46% түзгөн этникалык тажиктердин жана башка улуттук азчылыктардын "мамлекеттик иштерге катышууга укугу бардыгын" айтты.

Азырынча Рахмондун сөзүн ырастай турган, Ооганстан калкынын канча пайызын этникалык тажиктер түзөрү тууралуу так маалыматтар жок.

"Азчылыктардын укуктары" тобу билдиргендей, буга чейинки маалыматтарга ылайык, этникалык тажиктер ооган калкынын 27%, этникалык өзбектер - 9%, ал эми түркмөндөр - 3% түзөт.

Сөзүнүн соңунда Рахмон эл аралык коомчулукту Тажикстанга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG