Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Чаткалда "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда


Чаткалда алтын кенин иштеткен "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда.

Буга чейин жергиликтүү тургундар ишкананын уу калдыктар сакталган жайы суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан.

Мындан улам 21-сентябрда уюштурулган жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чаткал районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик башчылары жана компания кызматкерлери менен жашоочулар катышууда.

"Вертекс Голд" 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетет. Ал кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

Ишкана куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG