"Унаанын" жетекчиси кызматтан кетти | 13.09.2021 | Бүгүн Азаттыкта |
Тендер чырынан улам "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Алдамчылыкка шек саналып кармалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды. Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык конференция өткөрөт. Женевадагы иш-чарага уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган 40тан ашык өлкө өкүлдөрү катышат.