Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Рахмон дүйнөлүк коомчулукту Ооганстанга көңүл бурууга чакырды


Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Дүйшөмбү шаарында, 30-август, 2021-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Дүйшөмбү шаарында, 30-август, 2021-жыл.

Ооганстанда түзүлгөн өтө кыйын кырдаалда дүйнөлүк державалар четте карап турбашы зарыл, болбосо өлкө узакка созулчу этностук жаңжалга батышы мүмкүн. Бул тууралуу 30-августта тажик президенти Эмомали Рахмон Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолукканда айтты.

Рахмондун пикиринде, ооган жергесинде туруктуулук орнотуунун бирден бир фактору - өлкөдөгү бардык этностук топтордун өкүлдөрү кирген өкмөт куруу.

Бул тууралуу тажик президенти буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши менен жолукканда да айткан.

Рахмон Ооганстандын курама өкмөтү БУУнун көмөгү алдында түзүлүшү керек деген көз карашта.

Немистердин башкы дипломаты Маас президент Рахмон менен жолукканда кырдаалды ачык-айкын өкмөттү түзүү аркылуу жөндөсө болорун айтты.

Ошондой эле, жолугушууда тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө Германиянын жана эл аралык коомчулуктун көмөгү да талкууланды.

Маас Борбор Азияга, Пакистанга жана Жакынкы Чыгышка жасаган төрт күндүк сапарынын алкагында Анкарага, Ташкентке, Дүйшөмбүгө, Исламабадга жана Катарга токтойт.

XS
SM
MD
LG