Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Сарыбашовдун кызматтан кетишинин чоо-жайы


Таалайбек Сарыбашов
Таалайбек Сарыбашов

Он күн мурда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов кызматтан кеткенин жарыялады. Борбор калаанын башчысынын кызматка киришпей жатып кетиши коомчулукта талкууга жем таштады. Ал тапта борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп Айбек Жунушалиев дайындалды.

Оштон Бишкекке убактылуу шаар башчылыгына которулган Таалайбек Сарыбашов 12-августта күтүүсүз кызматтан кеткенин билдирди. Борбор калаада 10 күн гана иштеген Сарыбашов бул чечимди өзү кабыл алганын, артында саясат жок экенин түшүндүрдү:

“Бүгүн мен өз каалоом менен Бишкек шаарынын мэрлигинен кетүүнү чечтим. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга ишеним көрсөткөн урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылык билдирем. Менин кызматты тапшыруумда эч кандай саясат жок. Айрым себептерге байланыштуу жеке өзүмдүн чечимим. Дагы далай кызмат кылабыз. Ким кандай пикирде, кандай ойдо болбосун биринчи максатыбыз мамлекетке, элге кызмат кылуу. Буга чейинки аракеттерге эл баасын берет. Буюрса, алдыда жакшы максаттарыбыз бар”, - деп билдирген Сарыбашев видео кайрылууда.

Таалайбек Сарыбашов Бишкектин мэринин милдетин 2-августтан тарта аткара баштаган. Ага чейин үч жыл Ош шаарын башкарган. Анын ордуна Алмаз Мамбетов барган.

Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов президент Садыр Жапаровдун кадрларды ротациялоо саясатынын негизинде кызматка дайындалганы кабарланган.

Мындай жол менен 10 күн мурда гана кызматын которгон Таалайбек Сарыбашов Бишкекке олуттуу пландар менен келе жатканын жашырган эмес. Шаардык кеңеш 26-августка белгилеген мэр шайлоого катышарын айткан болчу.

Сарыбашов кызматтан кетишин өзү “саясатка байланыштырбаганы" менен акыркы кадрдык жүрүш коомчулукта кызуу талкууларга жол ачты.

Соңку кадамды бийликтин кадр саясатындагы ыраатсыздыгы менен байланыштыргандар чыгат. Анткени, президент баш болуп кадр дайындоодо туруктуулук болот деп убада бергени менен кызмат которуулар көп болууда.

Кадр саясатындагы башаламандык

Саясатчы Бектур Асанов Сарыбашов жогорку бийликтин буйругу менен кызматтан кетти деген пикирде. Анын айтымында, өлкө жетекчилиги айрым топтордун суранычын эске алуу менен ушул кадамга барды.

Бектур Асанов
Бектур Асанов

“Эң алгач бул президенттин кадр саясатындагы ырааттуулуктун жоктугу. Бул киши мамлекеттеги ар кыл кландардын таасири астында калды. Анын ичинде трайбалисттик мүнөздөгү айрым топтордун айткандарына моюн сунуп, ошол кадамга барды. Сарыбашовдун "арыз жаздым" дегени бийликтин жөн гана суранычы. Муну менен президенттин ротация деген саясаты күм-жам болду десек болот. Эртең Ошко жөнөткөн кадрын шаардык кеңеш шайлап бериши да күмөн. Ушул сыяктуу окуялар болбошу үчүн президент, анын командасы алдыдагы кесепеттерди көрө билиш керек эле. Ал үчүн даярдык керек. Бирок президент баш болуп командасынын даярдыгы начар болгондуктан, акыркы окуялар орун алууда”.

Ошол эле кезде Таалайбек Сарыбашов Бишкектин жүгүн тартып кете албасына өзүнүн да, бийлик башындагылардын да көзү жеткени үчүн акыркы чечимди кабыл алды деген пикирлер айтылууда.

Анткени, борбор калаада көп көйгөйлөр топтолгон. Эгер жаңы мэр бул маселелерди чечип, шаар тургундарынын тилин таба албаса, өлкө жетекчилигин кадыры түшөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов соңку кадрдык жүрүштү татыктуу адамды табуу аракети катары түшүндүрдү.

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

“Менин пикиримде, борбор калааны жакшы билген, түшүнгөн адамды издөө максаты болушу мүмкүн. Бизде буга чейин бир күнгө шайланган мэр да болду. Бирок азыркыдай өткөөл мезгилде бийлик коомдук пикирди угуп, эске алып ушундай кадамдарга барып жатат. Бул деле жакшы көрүнүш”.

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэриясын эки жумага жетпеген убакыт жетектегенине карабай коомдук пикирдин бутасында болду. Анын жогорку билими, кош жарандыгы боюнча жана Оштогу иштерине байланыштуу ар кыл пикирлер айтылып жатты.

Мындан сырткары Сарыбашовдун жердигине байланыштуу "Фейсбукка" билдирүү жазган "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сартбаевди Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") менен суракка алып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Айбек Жунушалиев ким?

Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетери менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындады. Ал буга чейин Мариповдун биринчи орун басары болуп иштеп келген жана Чүй облусунда туулуп-өскөн.

Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Чүй облустук акимчилигинде, президенттик аппаратта, Жаштар министрлиги баштаган ар кыл кызматта иштеген. Быйыл майда биринчи вице-премьер-министрликке кызматка келген. Азыркы өкмөткө Чүй облусунун кадры деген квота менен келгени боюнча саясий чөйрөдө кеп болгон. Эми минтип Бишкектин мэрлик кызматына башкы талапкер болуп турат.

Эксперт Эржан Сулайман Сарыбашовго байланыштуу соңку окуяны бийликтин саясий кырдаалды көзөмөлдөө аракетине байланыштырды.

"Оштун экс-мэрин Бишкектеги мэрликтен кетирип, Чүй обладминистрациясынан бери иштеп келген жергиликтүү кадрды шаар башчылыкка дайындоонун себеби келерки парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан тобокелдиктердин алдын алуу үчүн болду. Бишкек Чүй облусунда жайгашкандыктан жана андагы күчтүү колдоого ээ, революционерлерди таптап келген Атамбаев камакта болгонуна байланыштуу тобокелге барбай туралы дешти. Бирок муну алдын ала ойлосо болбойт беле? Же мэрди дайындоо оюнчук болуп калдыбы?".

Мэр токтобогон Бишкек

Айбек Жунушалиев акыркы он айда борбор калааны убактылуу болсо да башкарган жетинчи адам. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин Бишкектин мэри улам-улам алмашып, туруктуулук болбой келет.

Тополоңдон кийин эки күн дайыны чыкпай калган ошол кездеги мэр Азиз Суракматов кийин ишке чыгып, аралыктан иштегенин айткан эле. Суракматов 20-октябрда кызматын тапшырып, аны Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен түшүндүргөн. Ал Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болуп дайындалган. Суракматов мэрликтен кетер алдында 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындап, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп калган.

Бирок өздөрүн жарандык активист жана Бишкектин тургундары катары тааныштырган адамдар мэриянын алдында митинг өткөрүп, Түлеевдин мэр болушуна каршы чыгышкан. Ушундан улам ал 22-октябрда кызматтан кеткенин айтып, мындай чечимди ошол кезде премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан, азыркы президент Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаганы бар. Мунун алдында Жапаров мурдагы мэр Азиз Суракматов Түлеевди аны менен кеңешпей туруп кызматка коюп кеткенин билдирген. Ошентип, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп эки эле күн иштеди.

Узакка созулган кызмат талаштан кийин шаардын жетекчилигине Балбак Түлөбаев келген эле. Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Мындан соң президенттин буйругу менен Эрмек Нургазиев аттуу ишкер Бишкек мэрлигине көрсөтүлүп, бирок ал бир күн өтпөй кызматтан алынган. Буга курулуш тармагында иштеген Нургазиевдин аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон. Ал кезде Садыр Жапаров абалды төмөнкүчө түшүндүргөн эле.

"Ал "мэрликке талапкер болуп баратам" деп мага келген. Кабыл албай койбойсуң да, кабыл алдым, сүйлөштүм. Жакшы идеялары бар бала экен. Шаарды өнүктүрүү боюнча максаттары, пландары бар экенин айтты. Бир эмес, эки жолу "артың тазабы?" деп сурадым, "эч кандай жаман иштерге аралашкан эмесмин" деди. Мурда мамлекеттик кызматтарда иштебептир, курулуш тармагында жеке иштери менен гана алек болуптур. Анан ал мага "мен адвокат аялды тоголото ургам, артымда батирлер боюнча талашым бар эле" деп айткан эмес. Мунун баарын кеч билдик. Мэр болуп койгондон кийин эле ошолору чыга баштады, мен ал тууралуу өз оюмду интернетке жазып койдум. Аял кишини ушунчалык урган киши, репутациясы бузулган адам мэр болуп барганы туура эмес. Ошентип, эртеси башка мэр барып туруп калды. Мындан трагедия көрүштүн кереги жок. Эгер туура эмес келсе, кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керек”.

Мындан соң мэрдин милдетин аткаруучу болуп мурда Чүй облусун башкарган Бактыбек Кудайбердиев келип, борбор калааны жарым жылга жакын башкарды. Бирок көзгө көрүнөрлүк эч иш жасабай, шаардыктар аны шакабага чеккен.

Анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши шайланган соң Таалайбек Сарыбашов барып, он күн гана иштеди. Ошентип, ал дагы эң кыска мөөнөттө иштеген аткаминерлердин катарын толуктады.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча эксперт Бакыт Рыспаев борбор калаада түз шайлоо өтмөйүнчө, татыктуу жетекчи келбейт деп эсептейт:

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

“Айыл өкмөт, шаар мэрлери жергиликтүү эл тарабынан шайланмайынча ушундай кырдаал улана берет. Шаарды өнүктүрүү программасы бар, күчтүү лидерлер келбейт. Бийлик дайындаган адам жогору жакты карап, бүгүнкүдөй улам өзгөрө берет. Башка өлкөлөрдө борбор калаанын мэри деген кийинки премьер-министр, президент. Азыркы Британ премьери же Франциянын мурдагы президенти Жак Ширакты алалы. Же ошол эле Эрдоган Стамбулду башкарып, анан өлкө башына келген. Бизде болсо Бишкек мэрин бийлик каалагандай алмаштырып, өз ыңгайына жараша алмаштыра берсе, шаар кантип өнүксүн?”.

Бишкек шаарынын мэрлиги - чуулуу кызмат. 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев “Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен абактан эрте бошотулган.

Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо тарапкерлеринин аракети менен абактан чыгып, ошол бойдон кайткан эмес. Ага издөө жарыяланган.

Азиз Суракматов "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шек саналып, быйыл 26-майда кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

16-июлда Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип азаттыкка чыкты. Атайын кызмат ал калган каражатты да төлөй турганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG