Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту.

Эми ал жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденко менен күрөшөт.

Токиодогу Олимп оюндарында 3-августта жеңил атлетика, спорттук гимнастика, бокс, эркин жана классикалык күрөш, веложарыш, трамплинден секирүү, оор атлетика сыяктуу спорт түрлөрүнөн 26 медалдар комплекти ойнотулат.

Көпчүлүк спорт күйөрмандары командалык спорт түрлөрү - футбол, баскетбол жана волейбол мелдештерине назар салып турат. Эркектер арасындагы футбол боюнча жарым финалдык беттештер өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Бразилия менен Мексика, Испания менен Жапония курама командасы беттешет.

Эркектер арасындагы волейболдун чейрек финалы дагы өтүп жатат. Орусиянын Олимпиада комитети Канаданын курамасын утуп, жарым финалга чыкты. Олимпиада чемпиону болгон бразилиялыктар Жапония менен жарым финалга чыгуу үчүн ойнойт. Польша менен Франция бет келсе, өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээлери италиялыктар Аргентина курамасы менен ойнойт.

Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты. Ал жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.

Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада алты упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады. Ага чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш байгенин ээси болду.

Акжол Махмудов финалдык таймашка чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан болчу.

Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбанды сүрөөнгө алып турду. Акжолдун таймашына өзү төрөлгөн Араван районундагы жакындары, айылдаштары көз салып турушту.

Бул Токио Олимпиадасында Махмудовдон сырткары кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова дагы финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утту. Күрөштүн бул түрүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG