Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло медал алды.
Ал 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, 10:1 эсебинде утту. Экинчи айлампада мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын жерге басты.
Жуманазарова беттештерди 2-августта баштаган, алгач блогариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген, чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга утулган. Кийин жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.
Жапониянын баш калаасында өтүп жаткан Жайкы Олимпиадада кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күмүш медал утту.
4-августта дагы Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт.
Акжол Махмудов: Өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун
Акжол Махмудов финалдык беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Руслан Меделбекке алгачкы сезимдери тууралуу айтып берди.
“Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө алган жокмун. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат.Финалдан кийин президентибиз Садыр Нуркожоевич телефондон куттуктап чалды. Мен үчүн бул чоң сыймык. Президент өзү чалып куттуктаган менин жашоомдо биринчи ирет болуп жатат”,-деди Акжол.
Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарынын он биринчи күнү Кыргызстан үчүн ооматтуу болду. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал утту. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.
Кыргызстан 13 жылдан бери Олимп оюндарында ийгилик жарата албай келген.
Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Атабек Азизбеков 4-августта жооткотуучу беттеште германиялык Денис Максимилян Кудлага жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Аталган таймашта жеңишке жетсе Азизбековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак.
Атабек Азизбеков 3-августта алгачкы беттешинде венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип (1:6) калган. Лоринц финалга чыккандыктан Азизбеков жооткотуучу таймашка чыккан.
Токио Олимпиадасында бүгүн, 4-августта кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова алтын байге үчүн жапониялык Юкако Каваи менен күч сынашат.
Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешип, эки жолу Тыныбекова жеңишке жетсе, бир жолу Каваи уткан.