Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Пандемиянын оор шартында башталган Олимпиада

Олимпиада оюндарынын ачылышы өтө турган Токиодогу стадион.
Олимпиада оюндарынын ачылышы өтө турган Токиодогу стадион.

Пандемияга байланыштуу былтыр өтпөй калган Олимп оюндары Жапониянын баш калаасы Токиодо башталды. Калаада эпидемиологиялык кырдаал кооптуу болгондуктан оюндардын ачылыш аземи дагы шаан-шөкөтсүз өтөт деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар буга чейин билдиргендей, 68 миң орундуу стадионго болгону 950 көрүүчү киргизилет. 15 дүйнө лидери катышат.

Коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Токиодо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Эки апта мурда таймаштарга көрүчүүлөрдү киргизбөө чечими кабыл алынган. Алардын катарына чет элдик күйөрмандар дагы кирет.

22-июлда Токиодо эки миңге чукул адамдан коронавирус аныкталган. Бул жыл башынан берки эң жогорку көрсөткүч. Олимп оюндарына катышууга аккредитация алгандардын арасынан 90 киши вирус жугузуп алган. Алардын ичинде спортчулар дагы бар. Ирландиялык мушкер айым Келли Харрингтон коронавирустан коркконго убакыт жок экенин айтат.

"Мен көп деле корккон жокмун. Себеби биз күндө тест тапшырып жатабыз. Ирландиянын командасы обочодо болуп, колдорубузду дезинфекциялап, беткап тагынып, башкалар менен көп деле жолуккан жокпуз. Ошол себептен кооптонуу деле жок. Мен азыр бир гана таймаш тууралуу ойлонушум керек, кооптонгонго убакыт жок",-деди ал.

Спортчуларга 70 барактан турган эрежелердин тизмеси тапшырылды. Ага ылайык, Олимпиада кыштагында бири-бири менен кол берип учурашууга, кучакташууга тыюу салынат. Ошондой эле атайын программага кирбеген иш-чараларга барууга уруксат берилбейт. Спортчулар саналуу гана адамдар менен жолугуп турушу зарыл. Таймаштын катышуучулары беткапты түшүрбөй тагынуу керек. Аны уктап жатканда, тамак ичкенде жана мелдеш маалында гана чече алышат. Жеңүүчүлөр сыйлык алып жатканда беткабын чечкенге уруксат берилет. Андан тышкары Олимпиада кыштагында алкоголь ичүүгө болбойт.

Буга чейин илимпоздор иш-чарадан улам Токио коронавирустун очогуна айлынышы мүмкүн деген чочулоосун билдиришкен. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах окумуштуулардын кооптонуусун четке кагууга аракет кылды. Бах 22-июлда Жапониянын императору Нарухито менен жолугуп жатып баардык чараларды көрөрүн убада кылды.

"Биз жапон элине тобокелчилик жаратпаш үчүн колубуздан келген баардык чараларды кабыл алабыз. Бул олимп оюндары тарыхтагы эң чектелген спорттук иш-чара болуп калды".

Пандемия башталгандан бери Жапонияда 853 миң адам коронавируска чалдыгып, алардын 15 миңден ашууну көз жумду.

Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин арасында Жапонияда вакцинация абдан жай жүрүп жатат. Күн чыгыш өлкөсүндөгү 126 миллиондой калктын 23% гана эмделди. Жергиликтүү медиа жазгандай, буга бийликтин туура эмес чечими себеп болду. Себеби, расмий Токио өз окумуштуулары ойлоп тапкан вакцинаны күтүп, башка жактардан заказ кылбай койгон. Учурда жапон вакцинасы сыноодон өтүп жатканына байланыштуу, препарат 2022-жылы гана пайда болору күтүлүп жатат.

Олимпиада башталгыча эле уюштуруу штабындагы бир нече жетекчилер иштен алынды. Бир күн мурда ачылыш аземинин режиссеру, мурдагы куудул Кентаро Кобаяши Холокост тууралуу 1998-жылы айткан тамашасы үчүн айдалды. Уюштуруучу комитеттин президенти Сейко Хашимото Кобаяши «тарыхтагы оор фактыларды» шылдыңдаганы үчүн кызматынан кеткенин билдирди. Кобаяши өзү бир кездеги айткандары үчүн өкүнөрүн айтты.

Жапониянын башкалаасындагы Олимп стадиондунда чектелүү сандагы кишилердин катышуусунда ачылыш салтанаты башталды. Оюндардын башталышын император Нарухито жарыялайт.

Токиодогу Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11 300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

ХХХII жайкы Олимп оюндарынын ачылыш аземинен тартылган алгачкы сүрөттөр.

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миңге ылайыкташкан стадиондо ачылды. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышууда.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде жапон бийчилери башында сакура гүлүнүн элеси түшүрүлгөн түркүн-түс лазердик чагылдыруунун коштоосунда бийлеп, стадионду көрккө бөлөдү.

Анын башында дүйнөдө жүрүп жаткан ар кандай табийгый кубулуштар музыкалаштырылган театралдаштырылган оюн-зооктор аркылуу көрсөтүлдү.

Оюн-зооктордо эки жылдан бери дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин адамзатты чырмооктой орогон учуру дагы берилди. Анда бийчилер шоунун жүрүшүндө дүйнөнү каптаган илдеттин улам жөргөмүштүн желесиндей тарап, адамзаттын дем алуусун чектеген көрүнүшү музыканын коштоосунда көркөмдүк менен берди. Адамзаттын жашоо үчүн күрөшү, бири-бирине кам көргөн сезимдери бийчилердин шоусу аркылуу чагылдырылды.

Мындан кийин Жапониянын туусун көтөргөн бир түстө кийинген топ стадиондун ортосуна басып келип, тууну жапон куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырды. Желек аскер адамдары тарабынан Жапониянын гимнинин коштоосунда жогору көтөрүлүп, флагштокко илинди.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганы жарыяланган. Ошондуктан Олимп оюндарынын ачылыш аземи дээрлик бош турган чоң стадиондо өтүп жатат. Улуттук курама командалар салтанаттуу параддан өтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG