Борбор Азиядан 201 спортчу (Казакстан - 95, Өзбекстан - 71, Кыргызстан - 16, Тажикстан - 10, Түркмөнстан - 9) Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышууда. Алардын курамы тууралуу бул жерден таанышыңыз.
Олимп оюндарынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты. 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.
Орусиянын курама командасы өлкө туусу менен эмес, Улуттук олимпиада комитетинин символикасы менен чыкты. Анткени кызытма жаңжалынан кийин Спорттук арбитраждык сот Орусияга мамлекеттик символдорду колдонууга 2022-жылдын 16-декабрына чейин тыюу салган.