Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Ташкент менен Дүйшөмбү самаган ири иштер


Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон Дүйшөмбүнүн аэропортунда, 10-июнь, 2021-жыл.
Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон Дүйшөмбүнүн аэропортунда, 10-июнь, 2021-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга келди. Эки коңшу өлкө 2017-жылга чейин алака-катышты үзгөн эле. Эми алар стратегиялык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдө. Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Дүйшөмбүгө барды.

Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүгө 10-июнда барды. Эки күндүк расмий сапарынын жүрүшүндө Тажикстандын президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, алака-катышты өнүктүрүү жолдорун талкуулайт.

Өзбекстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалыматына ылайык, эки өлкө 30га жакын келишимге кол коюушу мүмкүн. Алар кандай документтер экени азырынча ачык айтыла элек.

Деген менен сапардын алдында Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда эки багыттагы темир жолду куруу долбоору талкууланды. Бул Самарканд-Пенжикент, Самарканд-Айни багытында долбоор.

Өзбекстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчи орун басары Акрам Нематов жаңы долбоору туурасында “Жалпысынан биздин өлкөлөрдүн бирдиктүү транспорттук мейкиндигин түзүүнү каалайбыз. Бул жакшы көрүнүш. Силер билгендей, Шавкат Миромонович президенттин милдетин аткаруучу болгондогу биринчи чечими Тажикстан менен мамилени жакшыртуу болгон”, - деп айтты.

Тажикстандын Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, темир жолду куруу демилгесин расмий Дүйшөмбү көтөргөн. Тоолуу, деңизге жолу жок бул өлкө үчүн кара жол, темир жолдун курулушу абдан маанилүү.

Транспорттук туңгуюкта турган Тажикстанда экспорт жана импортту өнүктүрүү коңшу өлкөлөр менен кошумча каттамдардан толугу менен көз каранды.

Дүйшөмбүдөгү Стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери Умед Давладовдун айтымында, учурда тажик бийлиги ушул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издеп жатат:

“Тажикстандын стратегиялык максаттарынын бири - коммуникациялык туңгуюктан чыгуу. Ошондуктан, соңку он жыл ичинде бул багытта көптөгөн чечимдер кабыл алынып, абдан чоң каражат, инвестициялар жумшалды. Мунун баары Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорттук байланыш жана логистиканы жөнгө салууну көздөйт”.

Жаңы темир жолду курууга инвестицияны Өзбекстан салышы мүмкүн. Бул долбоорду ишке ашырууда бизнестин каражатына үмүт артылууда.

Азырынча темир жолду куруунун так мөөнөтүн айтыла элек. Ошол эле учурда Мирзиёевдин сапарында Самарканд-Пенжакент темир жолуна байланыштуу кайсы бир документке кол коюлабы же жокпу, азырынча белгисиз. Бирок долбоор боюнча жумушчу топтор түзүлүп, техника-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы белгилүү болду.

Темир жолдун бир учу Тажикстандагы Айни району болору бекеринен эмес. Бул аймак кен-байлыктарга бай. Тажик бийлиги транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен аталган кендерди иштетүүнү көптөн бери көздөп келет.

Шавкат Мирзиёев бийликке келери менен Тажикстан менен мамилени оңдоо каалоосун билдирген. Өзбекстанды 25 жылга жакын башкарган Ислам Каримовдун тушунда мамиле солгундап кеткен эле. Мирзиёев келери менен коңшу өлкө менен мамилени оңдоп баштаган.

Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга расмий сапар менен барары өткөн айда белгилүү болгон. Ал апрелдин аягындагы эки тараптан 55тен ашык адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан соң Дүйшөмбүгө сапар менен келген борборазиялык экинчи лидер болууда.

Тажикстанга 20-майда казак президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен барган. Ал учурда Токаев Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосунда ортомчу болуу үчүн бара жатабы деген божомолдор айтылган. Бирок бул сөздөрдүн чындыгы ырасталган жок.

Иш жүзүндө алгач Эмомали Рахмон, кийин Садыр Жапаровду чакырган Орусия бийлиги жаңжалда ортомчу болууну сунуштады. Ал эми бул жолу Мирзиёев менен Рахмон чек арадагы абалды талкуулайбы белгисиз. Бирок өзбек лидери Борбор Азиядагы ири мамлекет катары ушундай маселелерди соңку жылдары чечүү демилгесин көтөрүп келет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча Борбор Азиядан Өзбекстан да активдүүлүк көрсөткөн эле.

Жаңжал башталгандан тарта Мирзиёев да эки өлкөнүн президенттери менен телефондон сүйлөшүп, тынчтыкка чакырган. Өзбек маалымат каражаттары кырдаалды жөнгө салууга Мирзиёевдин ролу чоң болгонун да жазып чыгышкан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG