Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

“Коопсуз шаар-2” мөөнөтүнөн кечикти


Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу мөөнөтүнөн кечигип жатат.

2019-жылы сентябрда өткөн тендерди кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы уткан. Сынактын шартына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушундагы 306 жерде видеокамера коюлуп, жол эрежесин бузгандарды каттоо башталмак.

Пандемияда жаралган тоскоолдуктарды эске алуу менен келишим 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Ал келишимдин мөөнөтү аяктап калганы менен тендерди уткан кытайлык компания 18-июнга чейин да долбоорду ишке киргизе албасы белгилүү болуп калды.

Азамат Дыйканбаевдин камалышы


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 20-майда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашырып жаткан кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясынын арызынын негизинде камакка алынган. Атайын кызмат мурдагы министрге келишимди узартуу үчүн 2 млн. 600 миң сом пара сураган деген айып коюлганын билдирген.

“Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазган. Учурда сотко чейинки териштирүү башталды”, - деп билдирген атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда эле дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген.

Дыйканбаевдин ордуна президент Садыр Жапаров 2019-жылы “Коопсуз шаар-2” боюнча тендерди өткөргөн Дастан Догоевди дайындады.

Азамат Дыйканбаев 21-майда бөгөт чарасы каралган сот залынан чыгып баратып, козголгон кылмыш ишин “буйрук” деп атап, кытайлык компаниянын келишимин узартууга кол койбой койгону үчүн кылмыш иш козголгонун айтты.

“Коюлган айыпка макул эмесмин. Мамлекеттик буйрук. Ким кылып жатканын ойлонгула, мен келишимди узартуудан баш тарткам. Эмнеге 2 миллион 600 миң сом, эмнеге 3 миллион эмес?”.


“Коопсуз шаардын” экинчи баскычы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 25-майда тармактык комитетте маселе көтөрдү. Анын пикиринде, кытайлык компанияны мурдагы жана азыркы бийлик тушунда үлкөн адамдар тымызын сүрөөнгө алып жатат.

“Эгер Камчыбек Ташиевдин тергөөчүлөрү жакшылап иликтей турган болсо, мунун үстүндө ким отурганы ачыкка чыгат. Бул жерде абдан чоң адамдар отурат. Мурунку адамды мен жакшы билем. Азыр андан башка адам отурат. Ал жаш балага "келишимди узартып бер" деди. Бул бала "узарталбайм" деген үчүн кылтакка илип туруп камап жатат. Тендердин башында Дастан Догоев турган. Жоопкерчиликтен качпаш керек”.

Дастан Догоев 2019-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Ал "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” уткан тендерди өткөргөн.

Догоев тендер ал кызматка дайындалганга чейин жарыяланып, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тандалганын, тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуу аныкталса, укук коргоо органдары баа бериш керек экенин билдирди.

Көзөмөл органдары тапкан мыйзам бузуулар

Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан кийин Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына өткөн тендерди текшерген. Эсептөө палатасы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин тапшырмасы менен аудит өткөрүп бүттү. Көзөмөл органдары тендер өткөрүүдө бир катар мыйзам бузууларды аныктап-тизмектеген.

Маселен, Башкы прокуратура кытайлык компания тендерде өтө төмөндөтүлгөн сумманы көрсөткөнүнө көңүл бурган. Анда тендер 5 млрд. 791 млн. сомго жарыяланса, кытайлык компания 54 пайыз ылдый, 2 млрд. 654 млн. сом сунуштаган.

Эгер тендерге катышкан компания өтө төмөн сумманы сунуштап жатса, мыйзамга ылайык анын арызы артка кайтарылып, же конкурстук комиссия күмөн жараткан позициялар тууралуу кошумча маалымат сураган эмес.


Финансы министрлигинин электрондук сатып алуулар тууралуу жобосуна ылайык, "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы жалпы сумманын 10 пайызын кепилдик катары, 1 млрд. 984 млн. сомду антидемпинг чарасы катары көргөзүш керек болчу. 20 күндүн ичинде кепилдик акчаны салбаса компанияга айып салынмак.

Байланыш комитети кытайлык компания аталган мыйзамдардын талабын аткара электе 8-октябрда долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол койгон. "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы 2019-жылдын ноябрь айында кепилдик жана антидемпинг чарасы үчүн 265 млн сом жана 1 млрд. 978 млн. сомдук 6 Кытай банкынын көчүрмөлөрүн берген.

Башкы прокуратура былтыр ноябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу тууралуу буйрук берген. Бул буйруктан кийин компаниядан 10 пайыздык кепилдик сумманы мыйзамда каралган мөөнөттө которбогону үчүн 59 млн. сом мамлекетке алынган.

Узартылган келишимдин мөөнөтү да бүттү

Байланыш комитети өткөн жылы август айында "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра баштаганын билдирген. Бирок, кытайлык компания 2020-жылы алган милдеттенмелерин аткарган эмес. Буга пандемиядан улам жаралган тоскоолдуктар себеп болгону айтылат.

Санарип өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева компания учурда жер казуу, жерге уруксат кагаздарын алуу менен алектенип жатканын билдирди.

“2019-жылы келишим түзүлгөн. Бир жыл аралыгында долбоор ишке кириши керек болчу. Бирок, пандемиядан улам долбоор убагында киргизилген жок. 2020-жылдын аягында 2021-жылдын 18-июнуна чейин келишим узартылган. Бүгүнкү күнү компания жер казуу иштерин, уруксат кагаздарын алуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Пандемиядан улам жабдыктары дагы кечигип жатат".

Кененбаева келишимди узартып-узартпоо тууралуу чечим тиешелүү топ карап чыккандан кийин кабыл аларын айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков Министрлер кабинетин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу тууралуу кытайлык компания менен түзүлгөн келишимден чыгууга чакырды.


Айтмакчы, "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясынын мурдагы депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин кылмыш ишине да катыштыгы бар.

Кенжебаевди 2019-жылы декабрда атайын кызмат Алматы шаарынын аэропортунан кармаган. Өзүн "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясынын өкүлү катары тааныштырган кытай жараны Мотайлифу Маймайтяминг Кенжебаев “Коопсуз шаар” боюнча тендерди утууга көмөктөшүү тууралуу убада берип, 350 миң доллар алып, бербей койду деп арыз жазган.

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык "Вега" концерни ишке ашырды.

Ал эми "Коопсуз шаар-2" долбоорун уткан кытайлык компания жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG