Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Сузак: айрым депутаттар төрагага каршы


Сузак айыл өкмөтүнүн имараты
Сузак айыл өкмөтүнүн имараты

Сузак айылдык кеңешиндеги айрым депутаттар Камаридин Абдукаримовдун төрага болуп шайланышына нааразы болуп жатат. Бул жагдайда Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевдин аты аталды.

2019-жылы Абдукадировго пара алган деген айып менен кылмыш иши козголуп, мандатынан ажыраган. Анын соттуулугу жоюлуп, быйылкы шайлоого кайра катышкан.

Айылдык кеңештин айрым депутаттары Аскар Сариевге "жер сатууга аралашкан таза эмес адамдар жергиликтүү бийликти ээлеп алды" деп нааразы.

Абдикадиров менен Сариев болсо дооматтарды четке кагып жатат.

Сузак айылдык кеңешинде 31 депутат бар. Алардын 11и Камаридин Абдукадировдун төрага болуп шайланышына ачык каршы чыгышты.

Шерзодбек Умарбеков
Шерзодбек Умарбеков

Мындай депутаттардын бири Шерзодбек Умарбеков коррупциялык иштерде аты аталган адамдардын бийликке келип а жатканын сынга алды:

“Жаңы жүздөр келсе, жер сатуу, же коррупциялык иштер токтойт деп сүйүнгөн элек. Бирок, тилегибиз таш каап, кайра эле жер сатууга аралашкан адамдар бийликке келип жатат. Камаридин Абдукадиров айыл өкмөт Аскар Сариев менен кошо коррупциялык иштерге аралашып жүргөнүн баары билет. Бул жаңы келген депутатардын айрымдарынын башын айлантып төрагалыкка келип алды”.

Дагы бир депутат Гүлмира Маматованын айтымында, Сузак жер сатуу мафиясы күч алган аймак. Үлүш жерлеринен айрылып, дыйкандар жеринин изин таппай, соттошуп жүргөн фактылар арбын. Анын пикиринде. акыркы кадрдык саясат коррупциялашкан жарандардын пайдасына чечилип калды.

“Шайлоодон кийинки оюндар башталды. Анткени жаңы адамдар десек, эскилеринен кутула албай жатабыз. Коррупциянын башында тургандар кайра эле депутаттардын башына чыкты. Биз качан оңолобуз? Тууганчылык, тааныштык деген жолдон чыга албай калдык”.

Камаридин Абдукадиров буга чейинки төрт чакырылыштын депутаты, ошондой эле, айыл өкмөттүн жер тууралуу туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп турган. Мындан эки жыл мурун ошол кездеги Финансы полициясы аны пара алууга шек санап камакка алган. Ошол эле жылы соттун чечими менен депутаттык мандатынан ажыратылган. Абдукадировдун соттуулугу жоюлуп, быйылкы жергиликтүү шайлоого кайрадан аттанганы тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Муктар Кыргызбаев түшүндүрмө берди.

“2019-жылы соттолгон экен. Бизге соттун чечимин алып келген. Анан мандатынан ажыраткан элек. Ал быйылкы жылы маалыматтык борбордон соттуулугу жок деген кагазды алып келди. Анын соттуулугу жоюлуптур”.

Камаридин Абдукадиров өзү тууралуу дооматтарды четке кагып, депутаттар ишеним көрсөткөнү үчүн төрагалыкка шайланганын айтууда.

Камаридин Абдукадиров
Камаридин Абдукадиров

“Элден сурагыла, мен кимдин үлүшүн какшатып саткан экенмин? Андай иштерди жасаган эмесмин. Азыр айыл өкмөттүн бюджети жакшы, жаңы келген депутаттар менен кеңешип туруп мындан кийинки жумуштарды жасайбыз. Мени депутаттар төрагалыкка шайлашты. Ошондуктан мен жумушумду таза аткарам деп ишендире алам”.

Абдукаримовдун төрага болуп шайланышында Аскар Сариевдин аты байма-бай аталып жатат.

Жалпысынан 50 миңдей адам жашаган Сузак айыл өкмөтүн Сариев 13 жылдан бери башкарат. Буга чейин жер маселеси тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгы ага иш козгоп, 20 миллион сом айып пул төлөгөн.

Сариев ушул тушта сот жараяны аяктай электигин жүйө кылып, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Ал төраганы шайлоо иштерине тымызын аралашкан деген сөздөрдү жокко чыгарды.

“Төраганы 31 депутатын 20сы шайлап алды. Бул жерде мени аралаштыруунун кажети жок. Ал эми менин ишим боюнча азыр сот жүрүп жатат. Акча төлөгөнүм чын. Бирок, сот жумуштан четтеткен эмес”.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Сузак айылдык кеңешине берилген 31 мандат үчүн 111 киши атанса, аялдар үчүн бөлүнгөн 12 квотага 32 аял талапкер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG