Кумтөр чуусу кайра козголду
Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы 4 миллиард 952,8 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион сом) төлөөгө милдеттүү экенин алдын ала билдирди. Өткон аптада Жогорку Кеңеш канадалык компания иштеткен кенге Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага удаа эле Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду (3 миллиардан ашык долларды) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми«Центерра Голд» парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айтып, ишканага коюлган доолорду "таптакыр негизсиз" деп эсептейт.
Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы 4 миллиард 952,8 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион сом) төлөөгө милдеттүү экенин алдын ала билдирди. Өткон аптада Жогорку Кеңеш канадалык компания иштеткен кенге Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага удаа эле Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду (3 миллиардан ашык долларды) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми«Центерра Голд» парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айтып, ишканага коюлган доолорду "таптакыр негизсиз" деп эсептейт. Студиянын коноктору: Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисиДинара Кутманова, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков, Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков жана Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.
Чыгарылыштар
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 19, 2026Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
-
Февраль 12, 2026"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал
-
Январь 28, 2026Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
-
Декабрь 17, 2025Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр