Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү


Сүйүн Өмүрзаков жана Иброхимзода Нозим.
Сүйүн Өмүрзаков жана Иброхимзода Нозим.

Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин жолугушуусу өттү. Кыргыз ИИМинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу 1-майда Лейлектин Интернационал айылында болду.

Басма сөз кызматынын маалыматында “Жолугушуунун жыйынтыгы менен жарандардын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүү өткөрүп, абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты. Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун күч структураларынын Лейлектеги ишмердүүлүгү толугу менен Сүйүн Өмүрзаковдун жана Иброхимзода Нозимдин көзөмөлүндө боло турганы белгиленди” деп айтылды.

Чек арадагы абалды бүгүн президенттер Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон да талкуулашты.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты. (RK)

XS
SM
MD
LG