2013-жылы гезит болуп түптөлүп, 2018-жылдан онлайн жарык көрө баштаган интернет басылмада учурда ондон ашуун адам эмгектенет, анын басымдуу бөлүгү аялдар. Алар өздөрүн журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган, бейтарап кабарчылар деп мүнөздөшөт.
Акыркы кездери бир катар аткаминерлердин, мамлекеттик мекемелердин мыйзамсыз иштерин ашкере кылган кыздар 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз күнүн утурлай “Ачык Time” подкастынын коногу болуп, иштеги кызыктуу жана кооптуу учурларды айтып беришти.
Дилбар Алимова, басылманын жетекчиси: Команда чогулуп отуруп, басымдуу бөлүгү аялдар болуп калды. Атайын кыз-келиндер командасын түптөйбүз деген ниет болгон эмес. Арабызда жигиттер да бар, бирок алар азчылыкты түзөт.
Ырысбү Кылычбек кызы, журналист: Өз чечимим жөнүндө айтып берейин. Студент кезимде биздин факультетте журналисттер менен көп жолугушуулар болот эле. Кабарчылардын арасында иликтөөчү журналисттердин баяндарына аябай кызыгат элем. Ошол кезде эле иликтөөчү болууну ниет кылгам.
Дилбар Алимова: “Политклиникачылар” өз багытын таппай, кыйла издендик окшойт. Адегенде гезит ачтык. Өзгөчөлөнгүбүз келчү. Бир жолу журналисттик иликтөө боюнча тренингге катышып калдым. Ошондо алган сабактарымдан улам иликтөөнү өркүндөткүм келди. Себеби, кыргыз тилдүү басылмалардын арасында иликтөө менен алектенгендер аябай аз, көбү орус тилдүү. Ушул боштукту толтуралы деп чечтик. Биз эми гана телчигип келатабыз.
Санжар Эралиев, “Азаттыктын” журналисти: Силердин басылманын сайты pk.kg жана politklinika.kg дарегинде тең ачылат. Жалаң иликтөө эмес, жаңылыктарды, макала-баяндарды да күнүгө жарыялап келатасыңар. 2019-2020-жылдары кыргыз журналистикасында бир катар иликтөөлөр чыгып, резонанс жараткан окуялар болду. Кабарчылар коррупциялык иштердин бетин ачып беришти. Сиздердин команда кайсы иликтөөлөр менен төш кага алат?
Дилбар Алимова: Пандемиядагы жемкорлукка байланышкан материалыбыз менен төш кага алабыз. “Коронавирустан акча жасап...” деп аталат. Биз анда мамлекет медициналык каражаттарды асмандатылган баалар менен сатып алган фактыны казып чыкканбыз. Эл кыйналып турганда биздин аткаминерлер ошол кырдаалдан да пайда көрүүгө аракет кылып жатканы бизди өкүндүрдү. Биздин макаладан кийин талкуу күчөп, жооптуу адамдарга кылмыш иштери козголду.
Андан тышкары, Кайыңды кабель заводунун жеке колдорго өтүп кетишин ачыкка чыгардык. “Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жер мафиясы” деген темада бир канча сериядан турган иликтөөлөрүбүз жарыяланды.
Санжар Эралиев: Эгер кезектеги суроом кайсы бир стереотиптик көз караштарды бекемдегендей болуп калса, кечирим сурайм. Биздин коомдо аял кишинин үй тиричилигиндеги орду, жүгү оор. Сиздерде кыйынчылык жаралган жокпу? Убакытты бөлүштүрүү, стереотиптерден арылуу жагы кандай болууда?
Кымбат Турдубекова, журналист: Биз Дилбар эже экөөбүз үй-бүлөлүүбүз. Балдарыбыз да кичинекей. Бир эле учурда макала жазууга, перзентибизди бала бакчага тапшырууга же алууга жетишиш керек. Ушундай жагдайлар кээде кыйынчылык туудурат. Бирок биз баарын жеңип келатабыз.
Дилбар Алимова: Белгилей кетишим керек, жолдошторубуз жумушубузга түшүнүү менен мамиле кылып, бизди колдошот.
Санжар Эралиев: Журналисттик иликтөө – кооптуу жанр. Коркутууга туш болгон, сабалган кесиптештерибиз жөнүндө угуп жүрөбүз. Же айрым бир күчтөр иликтөөчү журналисттерге акча сунуштап, “сатып алууга” аракет жасашат. Сиздерге кандайдыр бир коркутуулар же сунуштар болдубу?
Дилбар Алимова: Өтө коркутуулар болгон жок, бирок сиз айткандай “сатып алууга” аракет жасашты. Конкреттүү фамилияларды бул жерде айтпай эле коёюн. “Муну жарыялаганда эмне болмок эле? Кыргызстан өнүгүп кетмек беле? Анын ордуна ушул байкеңди колдонуп, бир маселеңди чечип албайсынбы” дегендер бар. Тыйын-тыпыр сунуштагандар болот. Бирок биздин принциптерибиз башка. Андан көрө акчабыз калбай калса деле, ошол иликтөөнү жарыялап салып, башыбызды бийик көтөрүп жүрүү – аброй жана сыймык.
Кымбат Турдубекова: Жакында бир чиновник бизге “казгыла, каза бергиле, менде деле компроматтар бар” деп кенебегендей мамиле кылды. Кээде иликтөө жасаганда кызык жагдайларга да туш болобуз. Бишкектеги “Ош” базарында сатылып жаткан дары-дармектердин мыйзамдуулугу боюнча иликтөө жасаганда, сооданы жашыруун тартканга туура келди. Мен дары сатып алуучу болуп баргам. Оператор кызыбыз алыстан тасмага тартып турган. Ошол жердеги жигиттер байкап калып, аны кууй башташты. Шеригим шамдагай экен, качып кутулуп кетти. Андан кийин мага да атырыла башташты. Сыр билгизбей, кутулуп кеткенге туура келди.
Ырысбү Кылычбек кызы: Кээде коомго маанилүү жашыруун нерсени ачыкка чыгаруу үчүн роль ойногонго туура келет. Кимдир бирөөнүн тууганынын ролун ойногон учурлар да болот. Коомдун кызыкчылыгы өйдө турган кезде маалымат алуунун түрдүү ыкмаларын колдонобуз.
Дилбар Алимова: Иликтөөчү журналисттерди бийликтегилер көбүнчө оппозиция катары кабыл алышат. Бирок журналист эч качан оппозиция болбойт. Кабарчы – калыс киши. Ал болгону мыйзамсыз иштерди гана ашкерелеп жатат. Кээде социалдык тармактарда фейктердин командасын бизге каршы коюшат. Бийликке келгенге чейин журналисттер менен дос болгондор, бийликке келгенден кийин журналисттерди жек көрө баштаганына таң калам.
Баса, жакында интернетке чет элдик уюмдардан каржыланган медиалардын тизмесин жарыялашып, элдин душманы катары көрсөткөнгө аракет жасашты. Ал жерде аттуу-баштуу жана абройлуу медиалардын катарында биздин басылма деле бар экен. Ошондой тажрыйбалуу, кесиптик ишмердигинде ийгилик жараткандардын арасында болуу - биз үчүн сыймык.
Фейк дебедимби, аларга теңелбейбиз деле. Өтө чектен чыгып баратса, реакция жасап коюшубуз мүмкүн. Мейли, алган акчаларын актап атышат да деп тим коёбуз.
Ырысбү Кылычбек кызы: Коронавируска байланыштуу иликтөө жарыяладык дебедикпи. Ал кезде өзүбүз деле COVID-19га чалдыгып, ооруп калганбыз. Бирок иликтөөнү аягына чыгарганбыз. Ошондо мага жеке билдирүү жазып, коркутушту. Социалдык тармактан жазышат. Же сүрөтү жок же өзү тууралуу маалымат жок. Уят сөздөрдү жазышат, сөгүнүшөт, ал тургай “өлтүрүп салам” дешет. Ошол кезде өзүм ооруп, араң дем алып жатканда, ушундай коркутуулар ого бетер зээнимди кейиткен. Фейктердин чабуулуна көнүп деле калдык.
Дилбар Алимова: Улам чабуул коё беришсе, аларга каршы иммунитет иштелип чыгат экен. Фейктер жасаган ишиңди сындабай, турган-турпатыңа асылат. Мага “чачыңды тарасаң деле, тарабасаң деле айырмасы жок” деген сөздү жазгандар бар. Кээде фейкке жамынып алып, ким жазып атканын деле билебиз.
Санжар Эралиев: Кабарчынын коопсуздугу үчүн кайсы бир иликтөөнү жасоодон баш тарткан учурлар болобу?
Дилбар Алимова: Андай учур боло элек. Албетте коопсуздукту ойлойбуз. Биз эч качан бир теманы бир эле кабарчыга бербейбиз. Дайыма команда менен иштейбиз. Эгер журналисттерибиздин коопсуздугуна коркунуч жарала турган болсо, албетте токтотуп, теманы башка өнөктөштөргө беребиз. Себеби, кандай болгон күндө да кабарчыларыбыздан коопсуздугу биринчи орунда.
Санжар Эралиев: Өнөктөштөр кимдер?
Дилбар Алимова: “Kloop” басылмасы менен кызматташуу меморандумуна кол койгонбуз. Анткени, иликтөөдө, мыйзамсыз иштерди ашкере кылууда атаандаштык маанилүү эмес. Андай учурда бир эле редакциянын кызыкчылыгы болбошу керек. Андан тышкары, factcheck.kg сайты менен өнөктөшпүз. Эл аралык уюмдар менен кызматташабыз. Мисалы, OCCRP (Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору) “Rise Moldova” уюмдары менен өнөктөшпүз. Кооптуулук жаралса, темаларды аларга өткөрүп, өзүбүз четтеп турганга даярбыз.
Санжар Эралиев: Заманга жараша журналистика деле улам жаңыча иштөөгө багыт алып баратат. Жаңы техника, жаңы билим керек. “ПолитКлиника” базасын кантип чыңдайт? Каржы булагын ачык айта аласыздарбы?
Дилбар Алимова: Ачык айтабыз. Иликтөөлөрдү эл аралык медиа уюмдардын жардамында жасайбыз. Кыргызстанда басылмалардын каржылык абалы дурус эмес, чөнтөгү жука. Эгер эл аралык уюмдар көмөктөшпөсө, биз иликтөөлөрдү ишке ашыра алмак эмеспиз. Мунун жаман жагы жок. Тескерисинче, кубатташыбыз керек. Биз “Internews” уюму менен, “Сорос Кыргызстан” фонду менен кызматташабыз.
Санжар Эралиев: Коомчулукта эл аралык уюмдар менен иштешкен медиалар “акча бөлүп берген тараптын гана буйругун аткарат” деген күмөн саноо бар. Буга жообуңар кандай болот?
Дилбар Алимова: Элдин божомолунда “бизди колдоо үчүн чет өлкөдөн сырдуу жүктөр учактар аркылуу келип, таңгакталган акчаларды бизге берет” экен. Андай эмес. Эл аралык уюмдар журналисттер үчүн сынак жарыялашат. Сынакка долбоор жазып, эгер утуп калсаң ошол уюмдар акча бөлүп беришет. Грантты берген тарап эч качан “бул теманы жазгыла” деп буйрук бербейт. Балансты, журналисттик эл аралык стандарттарын сактап, бейтарап болуу талаптарын эле коюшат. Ишибизге эч качан кийлигишпейт.
"Иликтөөчү кыздардын ийгилиги" подкастын толугу менен ушул жерден угуңуз.