2021-жылы кечиккен жаз, апрелдеги үшүк Чүй облусундагы дыйкандардын айдап себүү ишине таасир этүүдө.
Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылынын тургуну Николай Анисимов отуз жылдан бери 500 гектарга чукул жерде дыйканчылык кылат.
Ал Орусиядагы, Өзбекстандагы жана Казакстандагы ишкерлер менен өзү байланышып, өндүргөн товарын экспорттоонун жолун өз алдынча тапкан. Буудай, арпа, таруу сыяктуу дан эгиндеринен тышкары Анисимов асыл тукум малдын санын көбөйтүү менен алек.
Анткен менен 2021-жылдын кышы катаал болуп, жаз кечиккендиктен, быйылкы айдап себүү иштери үзгүлтүккө учурады:
“Мен 50 жылдан бери айыл чарба тармагында иштеп жатам. Дыйканчылыкта баары климаттын өзгөрүшүнө, табигый кубулуштарга гана көз каранды. Биздин өлкө жер иштетүү үчүн опурталдуу аймак эмеспи. Кургакчылык, үшүк, нөшөр, мөндүр ж.б. жаратылыш кырсыктарынын айынан түшүмдү жоготуп алган учурларыбыз көп эле болду. Климатыбыз өтө тез өзгөрүп турат. Кээде май айында деле кар жаап салат. Аба ырайынан баарын күтсө болот. Акыркы жылдары мунун кесепетин жон терибиз менен сезип жатабыз. Быйыл айрыкча кыш өтө узакка созулду, жаз кечикти, жамгыр, кар тынбай жаады. Талаада эле жашап калдык. Канчалык аракет кылып, айдап-себүү иштерин тездетели деген менен баары бир кечигип жатабыз. Климаттык шарттар биздин ишке тоскоол болууда. Жаз кечиккени кыйын болду”.
Дүйнөлүк аба ырайын аныктаган «Worldweather» ресурсунда 2021-жылдын март айы Кыргызстанда жаанчыл болуп, абанын температурасы Чүй облусунда -10 градуска чейин түшкөн учурлар катталган.
Буга кошумча, аба ырайы кескин өзгөрүп, бир күнү температура +10 градуска көтөрүлсө, эртеси 2 градуска түшкөн күндөр көп катталды. Климатологдор температуранын мындай кескин өзгөрүшү дүйнөлүк климаттык коркунучтун бирден бир белгиси экенин эскертишет.
“Сууну аз талап кылган сортторду эге баштадык”
Ондогон жылдардан бери Чүй облусунун Панфилов районунда 70 гектарга чукул жерди иштеткен Улан аттуу дыйкан кургакчылыктын айынан акыркы учурларда буудай жана беденин сууну көп талап кылбай, тез бышкан түрлөрүн эгүүнү колго алган.
Ошентсе да, барган сайын түшүмдүүлүктүн азайышы өлкөдө азык-түлүктүн баасын кымбаттатып, тамак-аш тартыштыгы келип чыгат деген кооптонуу бар.
“Кургак аба ырайына чыдамдуу, тез бышкан арпанын түрлөрүн алып келип, ошону көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары колдон келишинче, өз алдымча сугат арыктарын оңдоп жатам. Бирок анын баарын кайра тазалап, оңдоп чыкканга каражат жетпегендиктен, энергияны үнөмдөөчү сугат системасын изилдеп, ошону алып келүүнү өздөштүрүп жатабыз. Анын баасы кымбат болууда. Тамчылатма сугат эмес, машине, насос менен суу ташып, чачканды караштыруудабыз. Албетте, буга кошумча каражат талап кылынбай койбойт да”.
Аба ырайы өзгөргөн сайын азык-түлүктүн баасы өсөт
Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматына караганда, Чүй облусунда айдоо жерлеринин жалпы аянты 1 млн. 332 миң гектарды түзөт. Бирок, бул айдоо аянттарынын үчтөн бирине гана эгин эгилип, анын түшүмдүүлүгү да барган сайын азаюуда.
Маселен, 2021-жылдын апрель айында эл аралык "SIAR Research" тобу менен IRI (Эл аралык изилдөө институту) жүргүзгөн изилдөөгө катышкандардын 48% азык-түлүктүн баасы 2020-жылга салыштырмалуу жогорулап, кыйналып жатканын билдирген. 2021-жылы бир жыл мурдагыга караганда азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен 1,8 эсе кымбаттады.
Окумуштуулар климаттык кооптуу абалдын айыл чарбасына тийгизген таасири бааларга таасирин тийгизген негизги себептердин бири экенин белгилеп жатышат.
Кыргыз-Орус (Славян) университетинин окумуштуусу, метеорология, экология жана айлана-чөйрө кафедрасынын жетекчиси Андрей Подрезов мындан ары абал улам курчуй берерин эскертти.
“Кыргызстан өзүндө чыккан азык-түлүк, айыл чарба азыктары менен өз калкын болгону 40 пайызга чейин гана камсыз кыла алат. Буга дыйканчылыктын майдаланып кетиши, асыл-тукум мал чарбачылыгынын жоктугу, дыйкан, фермерлердин чогуу иш алып барбаганы себеп болууда. Чүй облусу өлкөнүн айыл чарба бешиги болгону менен, акыркы жылдары жерди туура эмес пайдалануудан улам анын кыртышы бузулду. Айдоо талааларынын түшүмдүүлүгү азайып баратат. Дыйкандар селекцияланган мыкты сорттогу түшүм алууну көздөбөй калышты. Аз өлчөмдө жерди ижарага алып, иштетип, кыртыш бузулгандан кийин башка жерди ижарага алуу ыкмасы менен дыйканчылык кылгандар көп. Анан калса акыркы мезгилдеги аба ырайынын туруксуздугу жана климаттык өзгөрүүлөр, куракчылык же тескерисинче жаздын кечигиши, да айыл чарбасына сокку уруп, азык-түлүктүн кымбатташына алып келди”.
Улуттук статистика комитетинин отчетундагы маалыматтар боюнча, 1999-2001-жылдары Кыргызстанда экономиканын реалдуу секторлору болгон айыл чарбасында, өндүрүштө, курулушта иштегендер 1 миллиондон ашуун адам болгон.
Бирок, 2001-жылдан тартып бул көрсөткүч жылдан жылга азаюуда. 1996-жылдан бери Ички дүң өнүмдөгү айыл чарба продукциясынын көлөмү барган сайын кемип барат. Анткен менен айрым эксперттер дыйканчылык продукциясын туура эмес пайдалануу, азык-түлүктү ашыкча ысырап кылуу, айрыкча талаада өскөн түшүмдүн көпчүлүгү элдин дасторконуна жетпей эле таштандыга айлануусу адамзаттын чоң көйгөйүнө айланганын белгилеп жатышат.
Азык-түлүктүн көбү таштандыга кетүүдө
Айлана-чөйрөнү коргоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперт Бермет Борубаева тамак-ашты таштандыга чыгарбай колдонууга олуттуу мамиле жасоо зарыл деп эсептейт.
“Биз азыр азык-түлүк дайыма эле мол болот, токчулукта жашайбыз деп ойлоп жатабыз. Тилекке каршы, мындан ары суунун запасы азайып, дыйканчылык менен алектенүү кыйын болуп калат. Жайыттар жайдакталып, мал багуу кыйындайт. Мунун баары азык-түлүктү өндүрүүдө бизди болушунча чектейт. Биз азыр өзүбүздө дыйкандар өтө көп өндүрүп жатат деп ток пейил болгонубуз менен кокус былтыркыдай карантин жарыяланып, чек аралар жабылып калса, элди тамак-аш менен өз алдынча камсыз кыла албай турганыбызды көрдүк го.
Мындай оор абалды болтурбоо үчүн азык-түлүк таштандысын азайтып, аны үнөмдүү пайдалануу боюнча улуттук программалар кабыл алынышы керек. Жетиштүү тамактанууну айрым дыйкандардын жерге түшүп чирип жаткан мөмө-жемиштери менен деле ишке ашырсак болот. Бизде балдардын көбү жетиштүү, витаминдүү азыктанбаганы үчүн ден соолугу чабал болуп жатат. Жерге түшүп, чириген алма же алмурутту, дыйкандын талаасында терилбей калган, таштандыга чирип ыргытылган мөмө-жемишти кайра иштетүүнү колго алышыбыз зарыл”.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2050-жылга чейин дүйнөдө 25 миллион бала жетиштүү тамактана албай, ден соолугунан жабыр тартат деп божомолдоп жатат. Айыл чарбасындагы көйгөйлөр адамзаттын саламаттыгына түздөн-түз таасир этип, аз кандуулук, жугуштуу оорулар, химиялык заттарга уулануулардын саны көбөйөрү айтылууда.
Буга кыртыштын бузулганы, мөңгүлөрдүн эришинен улам сугат суунун жоктугу кошулуп, дыйканчылык кылуу бир топ кыйынчылыкты жаратат. 2020-жылы 75 миллиондон 250 миллионго чейин адам сугат суу тартыштыгынан жабыркаганы аныкталды. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн адистер бир катар сунуштарды беришкен.
Маселен, айыл чарбасында майда дыйканчылык, мал чарбачылыгынан алыстап, чарбаларды ирилештирүү, эт, сүттү мол берчү асыл тукум малдын санын арттыруу, жер семирткичтерди азайтып, жердин кыртышын оңдоого ыңгайлуу дан жана башка эгиндерди эгүү менен эгин талааларын арыктаткан продукциянын ордуна абага пайдалуу жана адамдын күнүмдүк тамак-ашына керектүү азыктарды эгүүнү сунушташууда.