Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Натанздагы кырсык: Иран Израилди айыптады


Натанздагы уран байытуучу завод
Натанздагы уран байытуучу завод

Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунда кырсык болду. Тегеран окуяны “теракт” деп атап, бул үчүн Израилди айыптады.

Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунда авария 11-апрелде болду. Анда заводдун электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Бул өлкөнүн Атомдук энергетика боюнча агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи уран байытуучу жайдагы кырсыкты “өзөктүк теракт” деп атаганы белгилүү болду.

Ирандын мамлекеттик телеканалы окуяны “Натанзда теракт орун алды. Өзөктүк жайдагы кырсыктан соң Атомдук энергия агенттигинин директору аны террордук чабуул деп атап, эл аралык коомчулукту жана МАГАТЭни көңүл бурууга чакырды. Салехи мырза Иран бул терактка буйрук бергендерге жана уюштургандарга каршы жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырарын билдирди”,-деп баяндаган.

12-апрелде болсо телеканал Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифке шилтеме берип, бул терактты Израил уюштурганын кабарлады. Анда министр Зариф Тель-Авив теракт аркылуу Иранга карата санкцияларды алынышын үзгүлтүккө учуратууну көздөгөнүн билдирген.

Мохаммад Жавад Зариф
Мохаммад Жавад Зариф

Ирандын башкы дипломаты бул үчүн өч аларын кошумчалап, Израилдин бул ишке катышын тастыктаган далилдерди келтирген эмес. Бирок ага чейин эле бир нече израилдик маалымат каражаттары чалгындагы атын атабаган булактарга таянып, Ирандын өзөктүк жайына диверсиялык чабуулду “Моссад” чалгын тобу ишке ашырганын жазып чыкты. Ага ылайык, бул авариядан улам заводдо уранды байытуу бир нече айга үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Ошол эле маалда "The New York Times" гезити өз булактарга шилтеме берип, израилдик чалгынчылардын чабуулунун артында Натанздагы заводдо “чоң жарылуу” орун алганын жазып чыкты. Анын айынан уранды байыткан центрифугалардын ишин камсыз кылган энергосистема жарактан чыккан. Бул окуя уранды байытуучу жаңы жабдуунун ачылышынан бир күндөн кийин болду.

Натанздагы жер астындагы завод Ирандын өзөктүк байытуучу негизги объекттеринин бири болуп саналат. Анын ишмердигине БУУнун өзөктүк энергетика жаатындагы органы саналган МАГАТЭнин инспекторлору көз салып келет.

Расмий Тель-Авив бул ишке катышы бар-жогун, дегеле соңку кырдаал боюнча комментарий бере элек. Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ыңгайы келген жерден Иранга каршы экенин жашырбай, өз өлкөсүнүн башкы коркунучтарынын бири деп атап келет. Акыркы жолу 11-апрелде Израилдин коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жолукканда Нетаньяху:

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

“Иран жана ага ыктаган күчтөргө, анын өзөктүк программасына жана өзөктүк куралына каршы күрөш - бул абдан чоң милдет”,-деп белгиледи.

Иран көптөн бери эле Израилди бир топ кылмыштар үчүн айыптап келет. Былтыр Натанздагы жер астындагы уран байытчу жайда өрт чыгып, Тегеран ал учурда Израилди күнөөлөгөн.

Андан соң жыл аягында белгилүү окумуштуу-физик Мохсен Фахризаде баштаган бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууну да жөөт мамлекети уюштурду деп билдирип чыккан.

Израил да Иранга каршы “көмүскө күрөшүн” күчөтүп, Тегерандын Сириядагы аскер күчтөрүнө абадан сокку ургандан тартып Йемендеги кемелерине жардырууну уюштуруп келет.

Эми Ирандын уран байытуучу эң башкы жайларынын бириндеги кырсык дүйнөнүн алты державасы менен өзөктүк келишимди жандантуу аракетине тоскоол болбойбу деген суроо турат.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден 2015-жылдагы өзөктүк келишимди жандандырууга даяр экендигин билдирди, бирок оболу Иран бардык өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши керек деп талап кылган эле. Иран болсо Кошмо Штаттары экономикалык санкцияларды алып салары менен келишимдин шартын аткарууга даяр экенин билдирип келет.

Ушул айдын башында келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүү Австриянын борбору Венада өтүп, анда тараптар мунасага келген эмес. Ал эми бул жолку жолугушуу алдында Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас соңку окуялар көңүл көтөрбөй турганын билдирди.

"Тегерандан келген кабарлар, айрыкча Натанздагы окуялар, позитивдүү салым боло албайт",-деп билдирди.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Питер Сано өзөктүк келишимди үзгүлтүккө учуратчу аракеттерге каршы экенин билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдоно баштаган. Буга жооп катары Иран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG