Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Мигрант кайгысы: төлөнбөгөн маяна, түрткүнчүк абал


 Москвада эмгек акысын өндүрө албай жүргөн кыргызстандык мигранттар. 2021-жыл, март айы.
Москвада эмгек акысын өндүрө албай жүргөн кыргызстандык мигранттар. 2021-жыл, март айы.

Москвада бери дегенде жүздөй кыргызстандык мигрант кыз-келин аутсорсинг компаниясынан айлык акысын өндүрө албай азап тартып жүрөт.

Алымкан Кызылбекова Москвада орусиялык ири банктардын бири - «ВТБ» банкынын бөлүмдөрүнүн биринде бир жылдай пол жууп иштеген. Ал жумушка "Эф Пять Менеджмент" ортомчу агенттиги аркылуу орношкон. Кызылбекова ушул тушта аны менен кошо эки жүздөй аял декабрь-январь үчүн айлыктарын өндүрө албай жатканын айтып берди:

"Бул компания "тендерден утулуп калдык" деп айлыгыбызды төлөбөй жатат. Булардын дагы 4-5 аты уйкаш фирмалары бар. Былтыр мартта да "банкрот болдук" деп бир топ кыргызга төлөбөй коюшуптур. Банк болсо "айлыгыңарды которгонбуз, өзүңөр чечишип алгыла" дейт. Банкка азыр адамдар башка фирма аркылуу келишти. Биз эки жүздөй киши жүрөбүз. Ар биринин эң аз дегенде 70 миң рублдай айлыгы калды. Арасында Орусиянын, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар. Бирок, көбү кыргызстандыктар болчубуз. Москвада үч айдан бери айлык ала албай жүрөбүз. Бул жер Кыргызстан эмес. Кантип жашап жатканыбызды элестете аласыздарбы?! Кыргызстанда кредит деген тытып атат. Өзүбүз карызга баттык".

Мигрант аялдар Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө февраль айында кайрылган жана кеминде 90 адам арыз жазган. Алардын төлөнбөй жаткан эмгек акысы алты миллион рублдын тегереги деп эсептелген.

Миграция кызматынын өкүлдөрү бул арыз тууралуу "Эф Пять Менеджмент" компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшсө да майнап чыккан эмес. Алар Орусиянын Тергөө комитетине, прокуратурага, банктын жетекчилигине арыз жолдогонун айтышты.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн соцтүйүндөгү баракчасындагы маалымат, март 2021-жыл
Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн соцтүйүндөгү баракчасындагы маалымат, март 2021-жыл

Эки ай мурун Кыргызстанда министрлик, агенттик жана комитеттерди кыскартып, мобилдүү өкмөт түзүү аракети жарыялаган. Анын алкагында Мамлекеттик миграция кызматы Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) карамагына берилген. Бул жагдайдан улам Орусиядагы өкүлчүлүктөрдүн иши да Москвадагы элчиликке карап калган жана ортодо өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлери да арасат абалда турат.

Кызылбекова эми алардын кайрылууларына Миграция кызматынын өкүлчүлүгү да, элчилик да алгылыктуу жооп бербей жатканына нааразы:

"Миграция кызматы болобу, элчилик болобу, алар кыргыз жарандарынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргошу керек. Алар ошон үчүн өкмөттөн айлык алышат. Ортодо түрткүнчүк болдук. Өкүлчүлүктүн кызматкерлерине чалсак, "ишиңер элчиликке өткөрүлдү" дейт. Ал жакка чалсак, кайра беркилерге түртүшөт. Тиги ортомчу компанияга такыр тилибиз өтпөйт".

Кызылбекованын айткандарын дагы төрт кыргызстандык аял тастыктады. Алардын бири – Даткайым Чыналиева жыйырмадай аял чогулуп ортомчу компаниядан айлыктарын өндүрүп алуу максатында адвокат жалдашканын билдирди.

"Он тогузубуз бир адвокат жалдаганбыз. Анын да акысын төлөдүк. Андан деле натыйжа жок. Элчи Гүлнара Саматка барганда мен бар болчумун. Убада берип, узаткан. Андан бери "күткүлө, күтө тургула" дегенден башка кеп жок", -деди Чыналиева.

Гулнара Клара-Самат
Гулнара Клара-Самат

Бул аялдар тобу менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Гульнара-Клара Самат 24-мартта жолугушкан. Москвадагы кыргыз элчилиги маянасын ала албай жүргөн мекендештердин маселеси элчинин жеке көзөмөлүндө экенин айтып, керектүү чаралар көрүлүп жатат деп ишендирип жатат:

"Бул арыздарды Миграция кызматынын өкүлчүлүгү кабыл алган. Миграция кызматында эми реформа болуп жатат. Алар Тергөө комитетине, прокуратурага кайрылышкан. Биз кошумча бул жарандарбыздын маселеси боюнча Орусиянын ТИМине нота жөнөттүк. Бул жакта ким айыптуу деп биз айта албайбыз. Тиешелүү органдар текшериши керек",- деди консул Эдуард Насиров.

Орусияда чет өлкөлүк мигранттарды аутсорсинг, тагыраак айтканда, ортомчу компаниялар аркылуу иштетүү кеңири жайылган көрүнүш. Мындай жол-жобо чет өлкөлүктүн миграциялык документтери менен алек болууну каалабаган жумуш берүүчүлөргө ыңгайлуу, ал эми ортодо жумушчу күчтү соодалаган ортомчу компаниялар үчүн дагы кыйла кирешелүү.

Расми маалыматка ылайык, жылына Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө болжол менен 2,5 миңдей жаран 150-200 миллионго рублге чейин төлөнбөгөн эмгек акы тууралуу арыз менен кайрылат. Адатта анын 40-70 миллиону гана өндүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маектеринин биринде Миграция кызматы ТИМге берилсе, мекеменин чет жактагы кызматкерлери дипломаттык статуска ээ болуп, мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү иштери алгылыктуу жүрөт деп ишендирген болчу.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG