Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кыргыз-өзбек чек арасы: Сохто эки бекет ачылды

 Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттердин ачылышы. 1-апрель, 2021-жыл.

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды. Бүгүн, 1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышары, оор жүк ташуучу автомашиналар азырынча өтпөй турганы айтылды.

Фергананын жетекчиси Бозоров “Азаттыкка” Сохто эч кандай чектөө болбой турганын, эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.

Сох – Риштан жолу 2013-жылы Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан жактан бир тараптуу жабылган. Анын натыйжасында Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып, Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан “Пүлгөн” чек ара өткөрмө бекети аркылуу бир топ жерди айланып өтүшчү.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары үчүн бул жол аркылуу транзиттик каттамга чектөөлөр бар болчу.

2019-жылы сентябрда жол бир саатка ачылып, кайра жабылган.

Чек ара: “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылды.
1/17 Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылды.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Ачылыш аземине жергиликтүү тургундар жана эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү да катышты.
2/17 Ачылыш аземине жергиликтүү тургундар жана эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү да катышты.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Нан, туз менен меймандарды тосуп алуу.
3/17 Нан, туз менен меймандарды тосуп алуу.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров.
4/17 Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Жолугушуу жылуу маанайда өттү. 
5/17 Жолугушуу жылуу маанайда өттү. 
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышат.
6/17 Мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышат.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев алгач Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоровго калпак менен чапан кийгизди.
7/17 Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев алгач Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоровго калпак менен чапан кийгизди.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Анан калпак менен чапандын ордуна белекке топу менен чапан тартууланды.
8/17 Анан калпак менен чапандын ордуна белекке топу менен чапан тартууланды.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
"Ырыс алды - ынтымак" сөзү эки элге тең дем берди. 
9/17 "Ырыс алды - ынтымак" сөзү эки элге тең дем берди. 
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Эки мамлекеттин президенттери С.Жапаров менен Шавкат Мирзиеёвдин Ташкенде март айындагы жолугушуусунан кийин кыргыз-өзбек мамилеси жакшыруу жолуна түштү. 
10/17 Эки мамлекеттин президенттери С.Жапаров менен Шавкат Мирзиеёвдин Ташкенде март айындагы жолугушуусунан кийин кыргыз-өзбек мамилеси жакшыруу жолуна түштү. 
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Фергананын жетекчиси Бозоров Сохто эч кандай чектөө болбой турганын, эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.
11/17 Фергананын жетекчиси Бозоров Сохто эч кандай чектөө болбой турганын, эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Өтүкчү” Сохко кире бериштеги, ал эми “Кайтпас” Өзбекстандын негизги аймагына кирүүчү бекет.
12/17 Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Өтүкчү” Сохко кире бериштеги, ал эми “Кайтпас” Өзбекстандын негизги аймагына кирүүчү бекет.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Эл менен катар чек арачылардын да кубанычында чек жок.
13/17 Эл менен катар чек арачылардын да кубанычында чек жок.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Сох-Риштан жолу 2013-жылы&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/31181696.html#https://www.azattyk.org/a/31079968.html">Чарбак окуясынан</a>&nbsp;кийин Кыргызстан жактан бир тараптуу жабылган.
14/17 Сох-Риштан жолу 2013-жылы Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан жактан бир тараптуу жабылган.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып,&nbsp;бир топ жерди айланып өтүшчү.
15/17 Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып, бир топ жерди айланып өтүшчү.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Буга чейин Кыргызстандын жарандары үчүн бул жол аркылуу транзиттик каттамга чектөөлөр бар болчу.
16/17 Буга чейин Кыргызстандын жарандары үчүн бул жол аркылуу транзиттик каттамга чектөөлөр бар болчу.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
2019-жылы сентябрда жол бир саатка ачылып, кайра жабылган.
17/17 2019-жылы сентябрда жол бир саатка ачылып, кайра жабылган.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул мамлекеттин негизги аймагы менен байланыштырган Сох–Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.
Артка
Алдыга

Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Өтүкчү” Сохко кире бериштеги, ал эми “Кайтпас” Өзбекстандын негизги аймагына кирүүчү бекет.

Быйыл 24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан. Ал 1-апрелден тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас» жана «Өтүкчү» өткөрүү пункттары ачылмай болгонун айткан. Ошондой эле Өзбекстан «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кең-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөй болгонун, кийин даяр болгондо ал пункттар да ачыларын билдирген.

Ошондой эле Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин айткан.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG