Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду колдогон жана каршы чыккан топтор 25-марттан тарта мамлекеттик телеканалдар аркылуу үгүт иштерин баштайт.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоого жана ага каршы үндөй турган үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) расмий каттоого алынып, алардын мамлекеттик телеканалдар аркылуу эфирге чыгуу убактысы аныкталды.
25-марттан тартып алар Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) жана «ЭлТР» телеканалдары аркылуу алгач өз-өзүнчө, ал эми референдумга жакындаганда дебат түрүндө үгүт жүргүзүшөт.
Конституциянын жаңы долбоорун колдогон же тескерисинче ага каршы чыккандар үгүт ишинин мындан башка да ыкмаларын колдонсо боло турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди:
«Телеканалдардагы акысыз убакыттан тышкары демилгелүү топтор өзүнүн фонддорун ачып, үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо мыйзамдарында кандай эрежелер болсо, ошол эле эрежелер колдонулат. Үгүт топторунун өкүлдөрү эл менен жолугушса болот. ЖМКлар менен келишим түзүп алып үгүт кылганга мүмкүнчүлүк бар».
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтүп жаткандыктан, добушканаларда партияларды шайлоо жана референдум үчүн эки үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.
Шайлоого деп коюлган үкөк референдумдун бюллетенин кабыл албайт. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.
Жалпысынан Баш мыйзамдын референдумга коюлуучу долбоорун колдогон 12, ал эми ага каршы үгүттөй турган үч топ каттоодон өттү. Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга каршы үгүт тобунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова буларга токтолду:
«Азыркы президентибиз «Кыргызстан 10 жылдан бери жашап келаткан Конституциянын кайсы беренелери иштеген жок талкуулайлы. Кайсы жерин оңдосок иш алдыга жылат?» деп кеңешсе, Конституцияны жазган юристтер кошулуп анализ жүргүзмөк. Түрмөдөн чыга калып эле «Менде даяр Конституция бар» дегени туура эмес. Конституциялык кеңешмени шашып түзө коюп, Баш мыйзамды алып чыга калышты. Юридикалык жактан туура эмес түшүнүксүз жазылган Конституция бизди өнүгүүгө алып барбайт».
Бүткүл элдик добуш берүүгө үгүт иштери референдумга 20 күнгө жакын убакыт калганда башталды. Мыйзамда үгүт иштеринин убактысы так жазылган эмес жана демилгелүү топтордун санына чектөө жок.
«Баары эле «30 жылдан бери Конституцияны канча жолу алмаштырбайлы, бийлик баары бир бир адамдын колунда болот. Калган бийлик бутактары ага курал болуп калууда» деп айтышууда. Эми Конституциянын жаңы долбоорунда бир кишиге бийлик берилип, ошол эле учурда жоопкерчиликти алды. Буга чейинкидей өзү жашынып алып башкаларды колдонгон жок», - деди рефендумду колдогон үгүт топторунун биринин жетекчиси Аскаралы Мадаминов.
Деген менен айрым депутаттар, саясатчылар, юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоору процедураларды бузуу менен кабыл алынганын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алып келатышат.
«Конституция – коомдук келишим. Ошондуктан таңууланып жаткан долбоор мамлекеттик документ катары эсептелбейт. Анда бир топ мүчүлүштүктөр бар экенин биз эле эмес, Венеция комиссиясы да эскертип жатат. Долбоордогу эң чоң ката - бийликти бир адамга эле топтоп берип койдук. Аны бир эле президент жөндөп кете алабы, бул - чоң маселе», - деди референдумга каршы чыккан дагы бир үгүт тобунун жетекчиси Чынарбек Шабдан уулу.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. 11-мартта Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 12-мартта кол койгон.
Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын колдогон.
Президенттик башкарууга багытталган долбоорду даярдоо 10-январга чейин эле башталып, Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Жаңы долбоор боюнча президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.
Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Аны жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.