Нооруз - Азия элдеринин эң байыркы майрамдарынын бири. Ал фарси тилинде Жаңы күн дегенди туюнтат. Нооруз - күн менен түн теңелген, жер жарылып чөп, желин жарылып сүт чыккан учурга туш келет. Быйыл Бишкекте вируска карата Нооруз белгиленген жок. Жаз менен кошо айлана кулпунуп, адамдар да келечекке үмүт артат. Азаттыктын архивиндеги фотолор бул майрамдын канчалык көрктүү, кызыктуу жана байыркылыгынан кабар берет.
Нооруз «Азаттыктын» фотолорунда

21
Берлиндеги кыргыздарга белгилүү төкмө акын Идирис Айтибаев менен алып баруучу Нурсултан Майназаров Ноорузда майрамдык маанай тартуулашкан. 2019-жылдын марты.

22
Нооруз - чет мамлекетте туулуп, өсүп жаткан кыргыз балдарга тегин, ата-бабаларын таанытууга жакшы себеп. (АКШнын Чикаго шаарында Нооруз майрамынан)

23
Түркияда өткөн Нооруз майрамынан.

24
Гамбург шаарындагы журтташтар Ноорузду Кыргызстандан келген кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова, төкмө акын Идирис Айтбаев жана алып баруучу Нурсултан Майназаров менен биргеликте белгилешти. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнст Оторбаев да катышты.

25
Францияда да кыргыздар Ноорузду унутушпайт. Фото Фарух Якубовдуку (Farukh Yakubov)

26
Стамбул шаарында (Түркия) Нооруз 2019-жылы 21-мартта.

27
Чикагодогу (АКШ) кыргыздар уюштурган Нооруз майрамына келген ар улуттун өкүлдөрү.

28
Нооруз - үй-бүлөлүк гана эмес, ар улуттардын башын кошкон майрамдардын бири. 2018-жылдын 21-марты. Бишкек

29
Быйыл 2021-жылы - Бишкек шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу Нооруз белгиленген жок. Бирок, улак тартыш (көк бөру) 17-мартта эле Чолпон-Атада башталган.

30
"Эрендердин эр оюну" аталган көк бөрүнү жигиттердин жигити гана ойной алат.

31
Улакты мыкты аргымагың болбосо мыкты ойнош мүмкүн эмес. "Ат адамдын канаты" деген учкул сөз көк бөрүдө чырайына чыгат.

32
Тай казан - кыргыздардын көк бөрүсүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Ага башка мамлекеттин улакчылары каршы чыгышууда. Чолпон-Ата шаары, 2021-жылдын 17-марты.

33
Нооруз - жаштар жана балдардын сүйүктүү майрамдарынын бири. (Коваленконун фотосу)

34
Апалардын ак батасы келечекке үмүт тартуулайт.