Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Садыр Жапаров: Соттордун бедели болуп көрбөгөндөй төмөндөдү


Президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада. 2021-жылдын 5-марты.
Президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада. 2021-жылдын 5-марты.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын сот системасынын абалы жана аброю төмөндөгөнүнө судьялардын өздөрү күнөөлүү деп билдирди.

Бул тууралуу ал 5-мартта сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада айтканын басма сөз кызматы маалымат катары таратты.

Анда Жапаров сот калыстыгына көлөкө түшүргөн аракеттер жеке эле судьялардын өзүнө гана эмес, мамлекеттин беделине шек келтирип жатканын белгилеп, жакында кабыл алына турган жаңы Баш мыйзамда сот реформасын ишке ашыруу каралганын маалымдаган.

“Сот системасынын азыркы абалы жана аброю, эч кимге сыр эмес, мурда болуп көрбөгөндөй өтө төмөн деңгээлге чейин түшүп кетти. Буга биринчиден судьялар өздөрү күнөөлүү. Ошондуктан, бүгүн мен соттордун айланасында түзүлгөн жакшы эмес кырдаалды жеңүү, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу сиздер менен бетме-бет ачык сүйлөшкөнү келдим”, - деп айтылат президенттин сөзүндө.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Калиева комиссиянын бүтүмүн "мыйзамсыз" деп атаган:

"Мени кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз. Анткени, медициналык маалымкат жана маселени мен жок карабоо тууралуу арыз бергениме карабай жыйын менин катышуумсуз өттү. Мыйзамда кароо мөөнөтү төрт ай болгонуна карабай, чечимдин шашылыш чыгарылганы түшүнұксүз. Мындай кадамдар мыйзамга кайчы келет", - деп жазылган Калиеванын жообунда.

Жыйынга Калиева өзү келген эмес. Ал ден соолугуна байланыштуу маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу боюнча арыз берген. Бирок, комиссия Башкы прокуратуранын аны токтоосуз кароо боюнча сунушун канааттандырган.

Жыйынтыгында Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берилип, аны кызматтан убактылуу четтетүү сунушу президент Садыр Жапаровго жиберилмей болгон.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоорундагы коррупциялык иш боюнча жоопко тартууга уруксат сурап Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган. Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан. Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бул айтылгандарды "негизсиз" деп билдирген.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деп шек саналып жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG