Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

12:08 3.2.2021

Вице-премьер-министрликке талапкер Артем Новиков ал өкмөт башчы болуп турганда кандай иштер бүткөргөнү тууралуу суроолор берилди.

Артем Новиков 100 күн ичинде өлкөдө абал турукташканын, коронавирус менен ооругандардын саны азайганын, энергетика, тоо кен тармагындагы иштер жанданганын айтты.

Анын командасы болгон күчүн жумшаганын айтты.

12:09 3.2.2021

Депутат Самат Исманов Артем Новиковдун командасындагы жакшы кадрларды көңүл сыртында калтырбоо керек деген сунуш айтты.

12:11 3.2.2021

Өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Улукбек Марипов аны сындап аткандарга ыраазчылык билдирди. "Сын адамды өстүрүп, күнөөлөрдөн арылтат" деп айтты. Социалдык тармактарда отурбасын, баарын иш менен далилдей турганын белгиледи.

12:13 3.2.2021

Улан Примов: Мамлекеттик органдардын айрымдарын кыскартуу туура экенин, бирок айрымдарын кыскартуу терс көрүнүштөргө алып келерин айтты. Финполицияны салык органына инспекция катары кошууну сунуштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG