Камчыбек Ташиев: Бардык коррупциялык иштер көтөрүлөт. Ким болбосун жоопко тартылат. Жол, транспорт боюнча үч-төрт коррупциялык иштер каралып атат. Жөн эле коррупция жасап коюп эки же беш жыл өтүп кетти деген болбойт. Уурдаганын кайтарбаса, ал адам түрмөгө кетет.
Депутат Рада Туманбаева мамлекеттик кыскартуулар жүрсө, Саламаттык сактоо жана Социалдык коргоо министрлигиндеги көп адамдар жумушсуз каларын айтты.
Премьер-министрлик кызматка сунушталып аткан Улукбек Марипов Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтердеги штаттар кыскартылбасын белгиледи.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев кыскартуунун чыгымы да бар экенин, себеби мамлекеттик кызматкер жумушсуз калганда ага өкмөт кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болорун эскертти.
Улукбек Марипов өкмөттүн курамындагы кыскартуудан кийин жумушсуз кала тургандарга мамлекет канча сом кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болору азырынча белгисиз экенин моюнга алды.
Вице-премьерликке талапкер Улукбек Карымшаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 17 статс-катчы, бир нече министрдин орун басары кыскарарын, мындан мамлекет 74 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөп каларын айткан.
Депутат Сайдулла Нышанов акыркы кезде гепатит, ВИЧ-СПИД оорусу жайылып жатканын айтты. Буга чара көрүү керектигин билдирди. Мектептерди ачуу керек деген талап койду.
Улукбек Марипов коронавирустун үчүнчү толкуну жакындап калганын, баарын тактап туруп анан мектептер боюнча чечим кабыл аларын билдирди.