Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:41

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

12:02 1.2.2021

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен.

Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт. «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» оппозициялык азчылыкта.

12:03 1.2.2021

12:03 1.2.2021

Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

12:04 1.2.2021

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат.

Азыр Улукбек Марипов өзүнүн пландары тууралуу депутаттарга маалымат берип, суроолорго жооп берүүдө.

41 жаштагы Улукбек Марипов 2016-жылдын 19-мартынан ушул мезгилге чейин Эсептөө палатасын жетектеп келе жаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG