Алтынбек Сулайманов: Жүз күндө жыйынтык көрсөтө албаган өкмөт, бир жылда жыйынтык көргөзө албайт.
Бакыт Төрөбаев: Жаңы Конституциянын долбоору менен таанышсызбы? Ошонун негизинде багытты туура алып кетишиңиз керек.
Улукбек Марипов: Ар бир министрге толук кандуу укук беребиз. Ар бир тармактык министр ошондой чечимге барбаса ага чара колдонулат.
Улукбек Марипов: "РусГидро" менен сүйлөшүп ГЭСтердин курулушун кайра баштасак болот. Формалдуу баш ийбесе да факт түрүндө иштеши керек.
Айнура Алтыбаева: Билим берүү министрлиги мыйзамда мектеп формасы эмнеден турарын жалпы сөз менен жазып коюптур. Азыркы жаңы, светтик Баш мыйзамга ылайык, мектеп формасы эмнеден турушу керек деген суроону так коюшу керек. Мугалимдер хижаб маселеси менен кыйналбай, балдарды окутушу керек.