Асел Кодуранова: Саламаттык сактоо жана Социалдык коргоо министрликтерин кошуп атасыз. Булар эки чоң тармак, эки башка иштеп жатканда да сын-доомат күчтүү болчу. Ушул тармактарды алып кете алабы?
Алымкадыр Бейшеналиев: Мурда деле иштерибиз окшош болчу. Азыр бириктиргенде алып кете алабыз деп ойлойм.
Асел Кодуранова жыйында билим берүү, онлайн окуу тууралуу маселе көтөрдү.
Мугалим окуучу менен бир саат окуса, ата-эне 2-3 саат окуп жатат. Себеби ата-эне биринчи өзү окуп түшүнүп, анан баласына түшүндүрүп, кайра сурап жатып ушунча убакыт кетип жатат. Мугалимдер тапшырманы балдар мектепте окуп жаткандай эле берип жатышат. Бир аз азайтып, жеңилдик берсеңер деген сунушум бар. Тапшырманын жарымын эле берсин да. Биз жетишпей жатабыз. Балдарыбыз сабак окуйбуз дегенде үйдө уруш, тытыш болуп жатат. Cабак окугандан бала эмес, мен качып жатам.
Дастан Бекешев: Биз сизди колдоп беребиз. Бирок сүрөтчү бир, сүрөтчү баарына жооп берет.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды.
Маселени комитет мүчөлөрү 2-февралда үч сааттан ашык талкуулады. Премьерликке талапкер өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Баяндама жасаган учурда ал эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда жигердүү иш алып барууга даяр экенин белгиледи.