Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

13:32 3.2.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамы тең салмакталган деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 3-февралда парламентте өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы талкууланып жатканда айтып, премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповду айрым күмөн санаган депутаттарды укпоого чакырды:

«Радикалдуу түзүмдүк өзгөртүүгө бардыңыз. Эми артка кайтпаңыз. Депутаттардын күмөн же кооптуу деген суроолорунун баарын четке кагыш керек. Жасайбыз деш керек. Жоопкерчиликти алдыңар да, мойнуңарга. Ал эми курам тең салмакталган. Мындай курам келген эмес. Жаш болсо да тажрыйбалуулар бар. Айымдарды колдоого алалы».

13:08 3.2.2021

Камчыбек Ташиев: УКМК уюшкан топторго каршы күрөшпөшү керек деп жатышпайбы. Андай эмес. Эгер биз мага тийбе, сага тийбе деп жашай берсек жашообуз өзгөрбөйт.

УКМКнын АКСи коррупция боюнча 2020-жылдын 10 айында 116 млн. сомду бюджетке кайтарды, мен келгенден кийин, ноябрь декабрда 2 млрд. 800 млн. сомду, январда 1,5 сомду ордуна койду. Эми коррупционерлер, кримтөбөлдөр болбойт.

13:07 3.2.2021

Камчыбек Ташиев: Уурдаган акчасын мамлекетке кайтарса, тергөө менен кызматташты деп кое беребиз. Коррупция менен күрөшүү акча жүзүндө эле жүрбөйт экен да. Мамлекетибизде уюшкан кылмыштуу топтор кайсы адам кайсы кызматка барышы керек экенин ошолор чечип калды. Мындан ары биздин мамлекетте кримтөбөл деген болбошу керек. Ошону ишке ашырышыбыз керек.

13:01 3.2.2021

Депутат Дастан Бекешев жаңы сунушталып жаткан өкмөт башчыга 5600 сомго жашай аласызбы деген суроо берди.

Ага Улукбек Марипов жашаса болот, бирок кыйын деди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG