Депутат Рыскелди Момбековдун жаны сунушталып жаткан премьер-министр Улукбек Мариповго энергетика боюнча суроосу.
Депутат Абдувахап Нурбаев чек арада жашаган элдин пенсия жана жөлөк пулдарын көтөрүү маселесин көтөрдү. Бул боюнча мыйзам аткарылбай жатканын эске салды. Нурбаев ачык асман жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан боюнча суроо берди, өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Марипов биринчиси боюнча мамкомпания түзүлөрүн, экинчиси боюнча иш жүрүп жатканын айтты.
Депутат Сайдулла Нышанов акыркы кезде гепатит, ВИЧ-СПИД оорусу жайылып жатканын айтты. Буга чара көрүү керектигин билдирди. Мектептерди ачуу керек деген талап койду.
Улукбек Марипов коронавирустун үчүнчү толкуну жакындап калганын, баарын тактап туруп анан мектептер боюнча чечим кабыл аларын билдирди.