Парламент жаңы өкмөттүн карап атат (түз эфир)
Жанарбек Акаев: 2003-жылы Грузияда да бизге окшоп криминал менен бийлик коюн-колтук алышып кеткен. Ошондон кийин эл көтөрүлүп, олуттуу реформа болгон. Бизде да ошондой көтөрүлүш болду. Үмүт деген бала өлдү. Азыркы өкмөттүн курамына жалпы элдин ичи чыккан жок. Министрликтин санын кыскартуу бул реформа эмес. Салыктын, бюрократиянын санын кыскартканда реформа болмок. Айылдарда силерден орусча айтканда "чудо" күтүп атат.
Азыр биз өнүккөн өлкөлөрдөн арбитраждык сотторду чакырышыбыз керек.
Улукбек Марипов: Грузияга биздикилер бара берип алар да тажаптыр. Башында премьер-министр, анан вице-премьер, анан жөнөкөй эле адистер тосуп калыптыр. Биз эми аларды тажатпай иштейбиз деген ойдомун.
Айнура Алтыбаева: Өзбекстанда, Азербайжанда аялдарды жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдар бар экен. Бизде да ошондой орган болушу керек.