Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

11:16 3.2.2021

Калдарбек Баймуратов: Суу тармагын ар кайсы жакка түртүп жүрүп ушул абалга келди. Суу боюнча мекемени өз алдынча кылып түзбөсө натыйжа бербейт.

11:09 3.2.2021

Депутат Евгения Строкова миграция боюнча органды жоюп салуу туура эместигин, сыртта жүргөн мекендештерди көз жаздымда калтырбоо керектигин эскертти.

"1 млн. 200 миң киши Садыр Жапаровго карт-бланш берди эле. Жапаров жаңы өкмөткө карт-бланш берип, жөнөтүптүр. Силер мурдагы аракеттерди сындадыңар, аткара турган ишиңерди айткан жоксуңар, - деген Строкова миграцияны ТИМге кошулушун сындады. "Анда ички миграция менен ким алектенет?", - деди депутат.

11:05 3.2.2021

Улукбек Марипов: Саясий амбициям жок. Бир дагы партияга мүчө болгон эмесмин. Биздин өкмөт саясаттан алыс иш жүргүзөбүз деген ойдомун.

11:02 3.2.2021

Улукбек Марипов: Коргоо министрлиги кайрадан түзүлүп, Башкы штаб министрликтин алдына барып, өз милдетин кайрадан аткара баштайт. Жалпысынан башкаруу системасын оптимизация кылуу жоопкерчиликти күчөтөт деген ойдобуз. Эмгек рыногун көтөрүү да эң зарыл маселе.

Мамлекеттик экспорттук потенциалын өнүктүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү дагы маанилүү деп ойлойбуз. Адамдык капитал боюнча да алдыда биртоп иштер турат. Коронавирус бардык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт дейт. Европадан коронавирустун жаңы түрлөрү келе жатат деген сөздөр чыгууда. Биз гемодиализдин баасын түшүрөбүз.

Пенсиялык багытта да жасала турган иштер арбын. Урматтуу депутаттар биздин өлкөнүн жайгашкан шарты жеңил эмес. Деңизге чыгууга жол жабык. Кыргызстан ар кайсы экономикалык структуралардан өз энчисин алууга тийиш.

Энергетиканы комплекстүү реформалоо зарыл болуп турат.

Айыл чарбасында класстердик иш жүргүзүү, ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алып өнүктүрүүнү эске алабыз.

Бизнестин эркиндигин, коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттин кийлигишүүнү минималдык деңгээлге алып келишибиз керек.

Кыргызстан күчтүү инвестициялык саясатка муктаж.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG