Бакыт Төрөбаев: Жаңы Конституциянын долбоору менен таанышсызбы? Ошонун негизинде багытты туура алып кетишиңиз керек.
Улукбек Марипов: Ар бир министрге толук кандуу укук беребиз. Ар бир тармактык министр ошондой чечимге барбаса ага чара колдонулат.
Алтынбек Сулайманов: Жүз күндө жыйынтык көрсөтө албаган өкмөт, бир жылда жыйынтык көргөзө албайт.
Аида Касымалиева: Социалдык коргоо жана Саламаттык сактоо министрлигин бириктиргени жатасыздар. Буларды кантип бириктиресиңер, кантип иштейт? Жөлөк пул, пенсия деген бар. Аларды кантесиңер?
Улукбек Марипов: Албетте министр өзү жетишпейт. Анын орун басарлары болот. Садыр Жапаровдун жетим балдарга үй салуу, аларга камкордук боюнча максаттары бар. Ошону ишке ашыруу боюнча иштейбиз.