Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

14:53 2.2.2021

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге "Сапат" мектептери тууралуу суроо берилди. Ал бул мектептер боюнча көйгөй жок экенин билдирди.

14:48 2.2.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадр маселеси боюнча билдирүү таратты. Ал революция «өлкө оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун» деп жасалганын белгилеп, «мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды.

Ошону менен катар Жапаров акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же жээнбековчу дегенди токтотуш керек экенин айтып, «минтип отурсак өлкөбүздүн ичинен бир да татыктуу кадр таппайбыз, башка планетадан издешибиз керек болот» деди. Президент мурда аны камоого салым кошкондор кызматка дайындалып жатканы тууралуу сөздөргө «азыр биз касташа же туугандаша турган мезгил эмес» деп жооп берип, «ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз» деп белгиледи.

Жапаров Кыргызстанда азыр 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка мекеме бар экенин жазып, аларды «элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп отурушат» деп мүнөздөдү. Ал баары кыскарып, 12 министрлик калып, бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатканын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап жатат. Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

14:46 2.2.2021

Айсулуу Мамашева: Социалдык маселелер боюнча вице-премьердин маселеси жоюлду. Бирок социалдык көйгөйлөр бизде абдан курч. Ошол себептүү, министрлердин орун басарлары аял болсун деп сунуштайт элем. Азыр үй-бүлөлүк зомбулук күчөп атат. Ички иштер министринин орун басары да аял болушун каалайт элем.

14:37 2.2.2021

Улукбек Марипов: Алдыда дагы шайлоо баштаган чоң-чоң кампаниялар турат. Ушулардын баарын эске алуу менен резервдерди көбөйтүү максатын көздөп атабыз. Бири-бирин кайталаган функцияларды кайрадан карап чыгуу, бир топ министрлер болсо, министрликтер да кыскаруу алдында турат. Элдин кызыкчылыгында таза, так иш алып барабыз деп сиздерди ишендирип кете алабыз. Кадрлардын баары дасыккан адистер экенин, жоопкерчиликти толук моюнга ала тургандай кылабыз.

Жаңы курамда айымдарга да көңүл бурдук. Транспорт, архитектура министрлигине Абдыралиева Гүлмира Курманбекованы сунуштадык.

Юстиция министрлигине Чынбаева Асел сунушталып атат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG