Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандаган референдум өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,24% добушун алды. Бул шайлоо кандай өттү? Анын алдын ала жыйынтыгы эмнени билдирет? Ушул жана башка суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз. Биздин программага вице-премьер-министр, шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Максат Мамытканов, президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана саясат талдоочу Руслан Акматбек катышты.
Шайлоонун жыйынтыгы, Жапаровдун жеңиши
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
-
Сентябрь 11, 2025Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы?
-
Август 29, 2025Эгемен элдин келечеги: Эркин өлкө, ачык коом, изденген муун
-
Август 11, 2025“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
-
Июль 03, 2025Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?