Кыргызстан | Жаңылыктар (25.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта"
Бишкек шаардык соту Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Саясатчы муну "саясий" чечим дейт. Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу жамаатты экиге бөлдү. Федерацияда кош бийлик. Бул арада эл аралык уюмдар Жогорку Кенешти профсоюздар федерациясы боюнча жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөөдө. 25-декабрь - Рождество түнү - Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өткөн жылкы өрттөн соң алгач жолу хор жаңырды.