Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

АКШ С-400 ракеталарын сатып алганы үчүн Түркияга санкция салды


C-400 ракетасы «Кавказ-2020» аскердик машыгуусунда.
C-400 ракетасы «Кавказ-2020» аскердик машыгуусунда.

Кошмо Штаттар Түркиянын коргонуу тармагынын жетекчилерине санкция салды. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги АКШнын Финансы министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Мындай жол менен АКШ Түркияны Орусиядан абадан коргонуучу С-400 системаларын сатып алганы үчүн жазалоого ниеттенүүдө.

АКШ Вашингтондун Анкарага каршы колдонгон чарасы Түркиянын экономикасына таасир этүүгө тийиш деп эсептейт. Агенттик коронавирус пандемиясы ансыз да түрк экономикасын алсыратканын белгилеген.

Былтыр АКШ Түркия F-35 учактарына коркунуч жарата турган С-400 системаларын сатып алганын, эки система бири-бирине шайкеш келбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG